КР балбандары студенттер арасындагы дүйнө чемпионатына барат. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Азии по вольной борьбе во Дворце спорта в Бишкеке
Чемпионат Азии по вольной борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш 12-18-ноябрь күндөрү Румыниянын Бухарест шаарында өтөт.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатына катышат. Бул туурасында Күрөш федерациясынан кабарлашты.

Мелдеш 12-18-ноябрь күндөрү Румыниянын Бухарест шаарында өтөт. Анда өлкө атынан грек-рим жана эркин күрөш боюнча 13 балбан катышат. Аларды эки машыктыруучу жана бир рефери коштоп барат.

Эркин күрөш боюнча курама команданын тизмеси:

Алмаз Сманбеков — 57 кг;

Улукбек Жолдошбеков — 61 кг;

Нургазы Абдразаков — 65 кг;

Исламбек Орозбеков — 70 кг;

Бекжан Жамбулов — 74 кг;

Машыктыруучу — Исламбек Тазабеков.

Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:

Балбай Дордоков — 55 кг;

Рустам Тейишов — 60 кг;

Тынар Шаршенбеков — 63 кг;

Нурмолдо Анарбаев — 67 кг;

Ренат Ильяз уулу — 77 кг;

Абдулазиз Ашымбеков — 82 кг;

Калидин Асыкеев — 87 кг;

Үзүр Жусупбеков — 87 кг;

Машыктыруучу — Арсен Эралиев;

Рефери — Саитдин Азизбаев.

Жаңылыктар түрмөгү
0