Мушкер Узгенбаева: 9 кг салмак таштадым эле, атаандашым келбей калды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык ММА мушкери Барчынай Узгенбаева. Архив
Кыргызстандык ММА мушкери Барчынай Узгенбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкерлер бүгүн, 10-ноябрда, борбордо өтө турчу WEF Global 14 жана Arzalet FCG биргелешкен турниринин алкагында 61 килограмм салмакта күч сынашмак.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Барчынай Узгенбаева өзбекстандык Халида Собирова менен беттешпей калды. Бул туурасында Узгенбаева Instagram баракчасына жазды.

Мушкерлер бүгүн, 10-ноябрда, борбордо өтө турчу WEF Global жана Arzalet FCG биргелешкен турниринин алкагында 61 килограммда күч сынашмак.

Публикация от WEF GLOBAL (@wef_global) 11 Окт 2018 в 5:00 PDT

Спортчунун айтымында, атаандашы бутунан жаракат алып калганы үчүн келе албай калган.

"Ассалому алейкум, достор! Кечирим сурайм, менин беттешим болбой калды. Каршылашым машыгуу учурунда бутунан жаракат алганы үчүн Өзбекстандан келе албай калды. Мелдешке бир айдан ашык катуу даярданып, салмагымды 9 килограммга түшүргөм. Баары Кудайдын колунда дейт, сабырдуулукту сактап турам", — деп жазган спортчу.

Барчынай Узгенбаева — грэпплинг боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, панкратион боюнча КРдин чемпиону. ММА боюнча профессионалдуу үч беттештин жеңүүчүсү. Тарбияланган клубу — Fighter KG, машыктыруучусу — Кенжебек Чекиров. Каймана аты — "Багира". 22 жашта.

Жаңылыктар түрмөгү
0