Өзүнөн улуу атаандаштарын жеңген шахматчы. Гениалдуу кыздын баяны

© Sputnik / Жоомарт УраимовСемикратная чемпионка КР по шахматам Диана Омурбекова
Семикратная чемпионка КР по шахматам Диана Омурбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир топ жыл мурун агасы кенедей Диананы тамашалагысы келип тактага шахматтык фигураларды тизип, андан соң дароо аларды колу менен шыпырып салат. "Эми кайталачы!" — дейт ал. Кибиреген кыз фигураларды эч бир катасыз тизгенинде агасынын келмеси оозунан түшөт...

"Мен аны менен бир партия ойнойм", — деп төш какты менин кесиптешим Тимур. Шахмат боюнча Кыргызстандын жети жолку чемпиону Диана Өмүрбекова оюндан баш тартпады. Чүчү кулак боюнча ага кара фигуралар тийди. "Оу, мен дал каралар менен ойноону жактырам да", — деп жылмайды спортчу.

12 мүнөттөн кийин Тимур жеңилди. Экөө кол кысышты, андан соң мен 18 жаштагы бул акылы бөтөнчө зирек бийкечке суроолорумду узаттым. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовШахмат боюнча Кыргызстандын жети жолку чемпиону Диана Өмүрбекова: мен аябай жоош болчумун, кежирленчү эмесмин. Башка балдар эшикте ойноп жүрүшсө, мен шахмат тактасы менен алышчумун
Семикратная чемпионка КР по шахматам Диана Омурбекова - Sputnik Кыргызстан
Шахмат боюнча Кыргызстандын жети жолку чемпиону Диана Өмүрбекова: мен аябай жоош болчумун, кежирленчү эмесмин. Башка балдар эшикте ойноп жүрүшсө, мен шахмат тактасы менен алышчумун

— Шахматка кандайча кызыгып калдыңыз?

— Мен беш жашымда аталаш агаларым үйгө меймандап келишти. Алар бир топко нарда ойноп олтурушкан, алардын буттарына чалына мага да үйрөтүүлөрүн суранып жаткам.

Кыргызстандык кыздар Шахмат боюнча дүйнөлүк олимпиададан алтын медаль утушту - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык шахматчы кыздар дүйнөлүк олимпиададан алтын утуп кайтышты
Нарда ойноонун ыгын мага көрсөтүп беришкен жок, бирок агам тамашалай тактага шахматтык фигураларды тизип, анан колу менен шилтеп жиберип: "Эми кайталачы!" – деди. Кандай болсо, ошондой тизип чыктым. "Сен бир жактан шахмат ойнодуң беле?" — деп агам айран таң калган.

Менин бөтөнчө эс тутумум бар экендигине ал дароо ишене бербеди. Баса, мен баарын, телефон номурду, эреже, формулаларды дароо жаттап алам. Азыр  араб, түрк, кыргыз, орус жана англис тилдеринде сүйлөй алам.

Ошол окуя боюнча менин эжеме айтып коюшат, ал азыр шахмат боюнча өлкөнүн эмгек сиңирген машыктыруучусу. Бала чагымда ал машыктырып жүрдү.

— Өздөштүрүү оор болгон жокпу?

— Мен аябай жоош болчумун, кежирленчү эмесмин. Башка балдар эшикте ойноп жүрүшсө, мен шахмат тактасы менен алышчумун. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДиана Өмүрбекова: спорттун бул түрүндө акча көп айланбайт. Сингапурдагы мелдеште төртүнчү орунду алганымда колума жүз доллар тийген
Шахматный турнир среди представителей СМИ, посвященный Дню информации и печати КР - Sputnik Кыргызстан
Диана Өмүрбекова: спорттун бул түрүндө акча көп айланбайт. Сингапурдагы мелдеште төртүнчү орунду алганымда колума жүз доллар тийген

— Алгачкы катышкан мелдешиңизди айтып берсеңиз?

— 10 жашымда кенже балдар үчүн уюштурулган Кыргызстандын чемпионатына катышкам. Анда мен жети гана жашта болчумун, машыктыруучум мени алдын ала эле жооткотуп: "Алардын баары сенден улуу. Эгер утулуп калсаң, эч нерсе болбойт", – деп жаткан. Бирок мен ал мелдеште үчүнчү орунду ээлегем. Жеңиштин даамы мени керээли-кечке шахматка байлады.

— Биринчи ирет Кыргызстандын чемпиону качан болдуңуз?

— 2008-жылы. Андан кийин мен Иранга Азия чемпионатына бардым. Ал жактан күтүүсүз бир нерсе болду: адегенде баары жакшы эле болуп келаткан, мага медаль тагылмак. Балким мен бир аз бошоңдой түштүмбү, жылдыз оорусуна алдырдымбы, айтор, мен утулуп калдым.

— 17 жашыңызда Кыргызстандын бардык улуу шахматчы айымдарын кантип утуп алдыңыз?

— Баары окуп-иштеп жүрүшкөндө, мен шахмат ойноор элем. Кыргызстанда аялдар үй-тиричилиги менен алек болууга, конок тосууга тийиш эмеспи. Ата-энем мени башка бардык иштерден бошоткон.

© Sputnik / Жоомарт УраимовДиана Өмүрбекова: аялдар гроссмейстер болушу үчүн 2200, эркектер 2500 упайга ээ болууга тийиш. Себеби спортчу кыз-келиндер үчүн эмоциясын башкара билүүсү татаал.
Семикратная чемпионка КР по шахматам Диана Омурбекова - Sputnik Кыргызстан
Диана Өмүрбекова: аялдар гроссмейстер болушу үчүн 2200, эркектер 2500 упайга ээ болууга тийиш. Себеби спортчу кыз-келиндер үчүн эмоциясын башкара билүүсү татаал.

— Окууңузчу?

— 8-класска дейре, кыргызстандык кыз-келиндер арасындагы мелдеште уттурганыма чейин сабактарым да жакшы болчу. Экинчи орун алып калдым, мектепке алаксыбайын деп чечтим. Ооба, "үч" деген баалар аралаша баштады, бирок мен ага көңүлкош элем. 

— Кыргызстанда шахматчылар өз өнөрү менен көп каражат таба алышабы?

— Жок, спорттун бул түрүндө акча көп айланбайт. Сингапурдагы мелдеште төртүнчү орунду алганымда колума жүз доллар тийген. Кыргызстандагы чемпиондугум үчүн дагы жүз доллар беришкен.

— Адилетсиз калыстык менен бет келиштиңиз беле? Шахматта мындай учурлар орун алабы?

Керемет көч мультфильминде Акылайды сүйлөткөн Адеми Кулмамбетова - Sputnik Кыргызстан
Акылайды "сүйлөткөн" Адеми : "Керемет көч" болбосо кыргызча билбей калмакмын
— Оюндун блиц-турнир деген тиби бар. Бөтөнчөлүгү – беш мүнөткө гана созулат, башкача айтканда, биз ылдамдыкка жарышып ойнойбуз. Анын бир эрежеси бар: эгер оюнчу фигураны кулатып алса, анда бул анын жеңилиши болуп эсептелет.

Индиялык бир спортчу менен партиям бар эле, ал Азия чемпиону болчу. Ойноп жатканбыз, атаандашыма караганда менин жагдайым дурус эле. Ал фигураны кулатып алды, бирок индиялык калыс анын жеңилишин жарыялабай туруп, оюнду улантуубузду айтты.

Уланттык, дагы бир фигураны кулатты атаандашым. "Бул утулуш эмеспи!" – деп ачуум келди. Аябай кыжырым кайнап, оюнду улантуудан баш тарттым. Ошентип ал жеңиш ээси аталды. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовДиана Өмүрбекова: эң кооптуусу – өз жеңишиңди сезип алганың. Бошоңдой түшөсүң да, ката кетиресиң
Семикратная чемпионка КР по шахматам Диана Омурбекова - Sputnik Кыргызстан
Диана Өмүрбекова: эң кооптуусу – өз жеңишиңди сезип алганың. Бошоңдой түшөсүң да, ката кетиресиң

— Атаандаштар көпчүлүк учурда бири-бирине бут тосушат го. Шахматчылар да ушундайбы?

— Шоколаддын сыртын шылдыратат, столду тебет же жек көрүү менен тиктеп туруп алат. Мени мындай нерселер абдан кыжырдантып, адаштырат.

— Оюнга кантип даярданасыз?

— Турнир алдында мээм бир аз эс алсын, тунук акыл менен ойноюн деп сөзсүз уктап алам. Мындан тышкары, ар бир шахматчынын атайын программасы жана атаандаштын бардык партиялары камтылган маалыматтар базасы киргизилген өз ноутбугу бар.

Сен анын оюн ыкмаларына көз жүгүртүп талдайсың, 10-15 вариантты ойлоп таап, атаандашыңа амалданууга тырышасың.

— Эмнеге аялдар жана эркектер мелдеши деп бөлүнөт? Шахматта мунун кандай мааниси бар?

Каскадер Диана Ашырбаева - Sputnik Кыргызстан
"Көз тийбесин, кепка кий" дешет. Эр сайышка түшкөн каскадер Диана менен маек
— Айырмачылык жок эмес. Шахматчылардын ар биринин анык бир упайы бар. Маселен, азыр меники – 1862 упай. Аларды мага мелдештердеги жеңиштерим үчүн беришет.

Аялдар гроссмейстер болушу үчүн 2200, эркектер 2500 упайга ээ болууга тийиш. Себеби спортчу кыз-келиндер үчүн эмоциясын башкара билүүсү татаал. Эң кооптуусу – өз жеңишиңди сезип алганың. Бошоңдой түшөсүң да, ката кетиресиң. Мырзалар бул багытта абдан тыкан.

Маселен, аялдар арасындагы чемпион Юдит Полгар өзү айткандай, ага мырзалар менен гана ойноо кызык. Кытай гроссмейстери Хоу Ифань да ушундай эле пикирде. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовДиана Өмүрбекова: окуумду аяктагандан кийин шахматка кайтып, сөзсүз түрдө гроссмейстер болом
Семикратная чемпионка КР по шахматам Диана Омурбекова - Sputnik Кыргызстан
Диана Өмүрбекова: окуумду аяктагандан кийин шахматка кайтып, сөзсүз түрдө гроссмейстер болом

— Беш жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?

— Азыр шахматтан бир аз оолактадым, себеби болгон убактымды окууга арнап турам: Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде дипломат адистигин өздөштүрүп жатам. Окуумду аяктагандан кийин шахматка кайтып, сөзсүз түрдө гроссмейстер болом!

Жаңылыктар түрмөгү
0