WEF: Бактыбек Дүйшөбай уулу чемпиондук курун коргоп калды

Жазылуу
Спортчулар 61 килограммда күч сынашты.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Дүйшөбай Бактыбек уулу WEF Global уюмундагы чемпиондук курун коргоп калды. Ал япониялык атаандашы Ямагучириого Ройду төртүнчү раундда муунтуу ыкмасы менен утту. 

Ушу тапта Бишкекте WEF Global 14 жана Arzalet FC биргелешкен турнири өтүп жатат. Октагондо 61 килограмм салмактагы мушкерлер күч сынашты. 

Бактыбек уулу ММА боюнча жети мелдештин жеңүүчүсү, ал эми Рой аралаш мушташта жети жолу утуп, төрт ирет жеңилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0