Кыргызстанда үч күн бою ММА боюнча мелдеш өтөт

Жазылуу
Спорттук иш-чара 25-ноябрда International one эл аралык турнири менен жыйынтыкталат.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Борбор калаада ММА боюнча Бишкек шаары менен Чүй облусунун ачык чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу ММА жана Панкратион федерациясынан билдиришти.

Кыргызстандык кикбоксчу Алексей Федосеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алексей Федосеев Токиодо дүйнөнүн мыктылары менен беттешет
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 23-24-ноябрь күндөрү "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда уюштурулат. Ага 18 жаштан 33 жашка чейинки өлкө аймагынан чогулган мушкерлер катышат.

Ал эми 25-ноябрда International one аталышындагы эл аралык турнир менен жыйынтыкталат. Мелдеште Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын профессионал спортчулары сегиз беттеш өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0