Бусурманкул айыгышкан кармашта атаандашын жеңди. Беттештин видеосу

Жазылуу
Эл аралык турнир кечээ, 17-ноябрь күнү, Ингушетиянын Назрань шаарында өткөрүлгөн.

Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу кезектеги беттешинде жеңишке жетти. Бул тууралуу М-1 Global уюмунун расмий сайтында жарыяланды.

Бети жарылып, колу-буту кайрылган спортчулар. WEF турниринин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бети жарылып, колу-буту кайрылган спортчулар. WEF турниринин видеосу
Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчу M-1 Сhallenge 99 турниринин алкагында россиялык мушкер Залимбег Омаров менен күч сынашкан. Беттеш үч раундга созулуп, Бусурманкул Абдубаит уулу калыстардын бирдиктүү чечими менен жеңүүчү аталды.

Андан сырткары, аталган турнирге Кыргызстандын атынан Турсунбек Асылгазиев да катышкан. Бирок ал ингушетиялык Лом-Али Нальгиевден утулуп калды.

Эл аралык мелдешке Россия, Украина, Бразилия, Ингушетия, Финляндия, Испания, Грузиядан барган спортчулар катышып, жалпы 10 беттеш өткөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0