Бишкек мэринин кубогуна арналган спорттук таймаш өтөт

Жазылуу
Иш-чара 25-ноябрда башталып, дээрлик бир айга чейин созулат.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Борбор калаада муниципалдык кызматкерлердин арасында Бишкек мэринин кубогу үчүн спорттук мелдештер өтөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Осмоналиевдин 65 жылдыгына карата эл аралык турнир өтөт
Спорттук таймаш 25-ноябрда башталып, дээрлик бир айга чейин созулат. Ага катышкандар мини-футбол, волейбол, стол тенниси, жеңил атлетика, шахмат, дартс, сууга сүзүү, аркан тартыш боюнча күч сынашат.

Таймашка катышкандар A, B, C, D, E, F топторуна бөлүнөт. Оюндар шаардын бир катар мектептеринин, жогорку окуу жайлардын, дене тарбия үйлөрүнүн имараттарында жана "Дельфин" бассейнинде болот.

Мелдеш 22-декабрда соңуна чыкмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0