АКШга кеткен Тилек Жээнбеков Бишкекке кайтканынын себебин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков октябрдын башында карьерасына карап үй-бүлөсү менен Америкага көчүп кеткен.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Тилек Жээнбеков кезектеги кармашы алган жаракатына байланыштуу үзгүлтүккө учурап, Кыргызстанга дарылануу үчүн кайтып келгенин Instagram баракчасы аркылуу билдирди. 

Эске сала кетсек, Жээнбеков 17-декабрда Кореянын Сеул шаарында өтө турчу Angels Fighting спорттук лигасынын турниринде чемпиондук наамын коргомок. Ал кайрылууда күйөрмандарынан кечирим сураган.

"Ассалом алейкум достор. Кореядагы көптөн бери күткөн беттешим болбой калды. Спортто ар кандай жагдайлар болот экен. Тиземди кокустатып алдым. Келечек алдыда. Жакшы пландарым бар", — деп бутуна муз баскан видеону жүктөгөн.

Ал эми Жээнбековдун машыктыруучусу Кенжебек Чекиров ал UFC мушкери Стип Миочич менен болгон спаррингде жаракат алганын жазган.

"Тилек дарылануу үчүн убактылуу Кыргызстанга учуп келди. Баарыңар эле билсеңер керек, Америкада медициналык кызмат арзан эмес. Ал UFC мушкери Стип Миочич менен машыгып жатып жаракат алды ", — деди Чекиров.

Ошондой эле машыктыруучу Жээнбековдун визасы ачык экендигин, ден соолугу калыбына келгенден кийин кайра АКШга учуп кетерин кошумчалаган.

Мушкер Тилек Жээнбеков октябрдын башында карьерасына карап үй-бүлөсү менен Америкага көчүп барып, дүйнөлүк ММА мушкерлери машыккан ири залда тарбияланып жаткан. 

Ал жактан UFC жылдызы Стип Миочич менен таанышканын билдирип, чогуу машыккан сүрөтүн да жүктөгөн.

Жээнбеков — оор салмактагы таанымал ММА мушкерлердин бири. Быйыл үч ирет мыкты беттеш тартуулады. 6-мартта WEF Global турниринин алкагында украиналык Юрий Проценкону, 14-майда швециялык Малик Тамбени утуп алган.  Ал эми 23-июлда Кореядагы Angels Fighting спорттук лигасынын алтын курун тагынган. Жээнбеков атаандаштарынын бардыгын техникалык нокаут менен жер караткан.

Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Бир беттешиме 6 миң доллар төлөп беришти. Кыргыз мушкерлеринин ММАдеги жолу
Ал ошондой эле панкратион боюнча Евразия чемпиону, универсиалдуу кармаш боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медаль ээси. Күжүрмөн самбо, грэпплинг, оксуз кармашуу (рукопашный бой — ред.) боюнча Кыргызстандын чемпиону. Кыргызстандагы Fighter KG спорттук клубунун тарбиялануучусу, машыктыруучусу — Кенжебек Чекиров. Каймана аты — Кабылан.

29 жашта. Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0