UFC мушкери Антонина Шевченко. Архивдик сүрөт

Жеңиш оңой келген жок! Антонина Шевченконун кореялык мушкерди утуп алган видеосу

834
(жаңыланган 13:10 02.12.2018)
Спортчу калыстардын чечими менен жеңишке ээ болгон.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстандык Антонина Шевченко UFC уюмундагы алгачкы беттешинде түштүк кореялык мушкер Жи Йон Кимди калыстардын чечими менен утуп алды. Бул туурасында уюмдун расмий Twitter баракчасында жарыяланган. 

​Мушкерлердин жеңил салмак категориясындагы (57 кг.) кармашы TUF 28 Finale турниринин алкагында Лас-Вегас шаарында өттү.

Анда Шевченко менен Ким үч раунд бою кармашып, натыйжада калыстардын чечими менен жеңиш ага ыйгарылганы айтылат. 

​Эске сала кетсек, кыргызстандык спортчу мелдешке атаандашынын салмагы 3 килограммдай оор экендигине карабай макулдук бергенин айткан

Шевченко ушуну менен UFC уюмунда тушоосун кести. Буга чейин аталган уюмдун "Дана Уайттын талапкерлери" аталышындагы тандоо турниринде америкалык Жаймелин Ньеверону утуп алган болчу

Белгилей кетсек,  Антонина UFC уюмунун эң жеңил салмактагы жылдызы Валентина Шевченконун бир тууган сиңдиси.

834
Белгилер:
кармаш, жеңиш, атаандаштык, UFC, Антонина Шевченко
Тема боюнча
АКШга кеткен Тилек Жээнбеков Бишкекке кайтканынын себебин айтты
Жеңишин өзгөчө майрамдаган ММА мушкери эки бутун жабыркатып алды. Видео
Пикирлер