Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аргентинада өткөн Жаштар олимпиадасынан олжолуу кайткан кыргызстандык спортчуларды сыйлоо учурунда

Эмки жылы машыктыруучулардын айлыгы, спортчулардын стипендиясы көтөрүлөт

91
(жаңыланган 21:05 02.12.2018)
Жаштар олимпиадасында өзгөчөлөнгөн спортчулар 2020-жылы Токио шаарында өтчү жайкы оюндарга даярданат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. 2019-жылдан тарта машыктыруучулардын айлык акысы, спортчуларга берилчү стипендиянын көлөмү көтөрүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аргентинада өткөн Жаштар олимпиадасынан олжолуу кайткан кыргызстандык спортчуларды сыйлоо учурунда айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда жолугушуу бүгүн өткөн. Ага грек-рим күрөшү боюнча күмүш байгенин ээси Элмирбек Садыров, сууда сүзүү боюнча күмүш байге ээси Денис Петрашов, фехтование боюнча коло байгенин жеңүүчүсү Хасан Баудунов, ошондой эле алардын жеке машыктыруучулары катышты.

  • Встреча Абылгазиева с спортсменами, отличившимися на Летних юношеских Олимпийских играх 2018
    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аргентинада өткөн Жаштар олимпиадасынан олжолуу кайткан кыргызстандык спортчуларды сыйлоо учурунда
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев

    Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда жолугушуу бүгүн өткөн.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Встреча Абылгазиева с спортсменами, отличившимися на Летних юношеских Олимпийских играх 2018
    Ага грек-рим күрөшү боюнча күмүш байгенин ээси Элмирбек Садыров, сууда сүзүү боюнча күмүш байге ээси Денис Петрашов, фехтование боюнча коло байгенин жеңүүчүсү Хасан Баудунов, ошондой эле алардын жеке машыктыруучулары катышты.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Встреча Абылгазиева с спортсменами, отличившимися на Летних юношеских Олимпийских играх 2018
    Ал эми Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов ведомство тарабынан Өспүрүмдөр олимпиадасында өзгөчөлөнгөн спортчуларды 2020-жылы Токио шаарындагы (Япония) жайкы Олимпиада оюндарына даярдоого тийиштүү көмөк көрсөтүлө турганын кошумчалады.

    Абылгазиев спортчуларга ийгилик каалап, аларга жана машыктыруучуларга акчалай сертификаттарды тапшырды.

1 / 5
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аргентинада өткөн Жаштар олимпиадасынан олжолуу кайткан кыргызстандык спортчуларды сыйлоо учурунда

"Дүйнөлүк аренадагы жеңишиңиздер менен сыймыктанабыз. Бул ийгилик, албетте, талыкпаган эмгегиңиздердин натыйжасында келди. Таймаштар дүйнөлүк алдыңкы спортчулардын катышуусунда катаал шартта өттү. Сиздердин жыйынтыгыңыздар биз үчүн Оюндардагы жеңишке тете", — деди премьер-министр.

Ал эми Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов ведомство тарабынан Өспүрүмдөр олимпиадасында өзгөчөлөнгөн спортчуларды 2020-жылы Токио шаарындагы (Япония) жайкы Олимпиада оюндарына даярдоого тийиштүү көмөк көрсөтүлө турганын кошумчалады.

Абылгазиев спортчуларга ийгилик каалап, аларга жана машыктыруучуларга акчалай сертификаттарды тапшырды.

91
Белгилер:
олимпиада, өкмөт, Мухаммедкалый Абылгазиев
Тема боюнча
Борбор калаада алыш күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт
Спорттун кайсы түрү жаштыкты узарта алат? Окумуштуулардын жообу
Кыргызстанда туулган спортчу бокс боюнча дүйнө чемпиону бойдон калды
Пикирлер