Кыргызстандык хоккейчилер Азия кубогуна "ак илбирс" ала барат. Сүрөт

© Фото / ПРООН в КРХоккей боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы
Хоккей боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар арасындагы Азия чакырыгы кубогу Малайзияда өтөт. Кыргызстандык хоккейчилер Бириккен Араб Эмирлиги, Малайзия, Филиппин өлкөлөрүнүн оюнчулары менен күч сынашат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Хоккей боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы Азия чакырыгы кубогуна катышуу үчүн Малайзияга учат. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Жаштардын (20 жашка чейинки) кубогу 4-декабрда Куала-Лумпур шаарында башталат. Кыргызстандык хоккейчилер Бириккен Араб Эмирлиги, Малайзия, Филиппин өлкөлөрүнүн оюнчулары менен күч сынашат. Кыргызстандык оюнчуларга ПРООН спорттук кийим жана футболкаларды белек кылды.

© Фото / ПРООН в КРМолодежная сборная Кыргызстана по хоккею
Молодежная сборная Кыргызстана по хоккею - Sputnik Кыргызстан
Молодежная сборная Кыргызстана по хоккею

"Жаш хоккейчилер менен бирге бул оюндарда алардын тумары болуп калган "ак илбирс" да барат. Биздин оюнчулар "Ак илбирсти сактайбыз" деген девиз менен ойношот", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, октябрь айында ак илбирсти сактоо декадасында Кыргызстанда хоккей боюнча чемпионат уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0