БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Хорватиялык футболчу, "Реал Мадрид" клубунун жарым коргоочусу Лука Модрич биринчи жолу "Алтын топ" сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
Модрич бул жылы "Реал" менен Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болуп, өз өлкөсүнүн курамында Дүйнө чемпионатынын финалына чейин жеткен.
Бул сыйлыкты 11 жылдан бери Аргентина курамасынын форварды Лионель Месси менен португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду эч кимге бербей келишкен.
"Мен бактылуумун. Бала кезден эле чоң клубда ойноп, көп сыйлыктарды алгым келчү. Ал эми "Алтын топ" мен үчүн жөн гана сыйлык эмес. Абдан сыймыктанып жатам", — деди футболчу.
Аталган сыйлыкка көрсөтүлгөн 30 футболчунун ичинен 10 мыктынын катарына киргендер:
— Лука Модрич, "Реал";
— Криштиану Роналду, "Реал"/"Ювентус";
— Антуан Гризманн, "Атлетико";
— Килиан Мбаппе, "Пари Сен-Жермен";
— Лионель Месси, "Барселона";
— Мохамед Салах, "Ливерпуль";
— Рафаэль Варан, "Реал";
— Эден Азар, "Челси";
— Кевин де Брюйне, "Манчестер Сити";
— Харри Кейн, "Тоттенхэм".
"Алтын топ" France Football журналы тарабынан 1956-жылы негизделген.
Эки мүнөткө жетпеген видеодо спортчулар океандын толкуну менен жарышкан кереметтүү кадрлар камтылган.
Ролик YouTube компаниясынын расмий баракчасына жарыяланды.
Эң байлардын тизмесинде дагы деле Amazon интернет-ритейлердин башкы директору Жефф Безос көч баштоодо. Анын байлыгы бир жыл ичинде 64 миллиард долларга көбөйгөн. Учурда анын мүлкү 177 миллиард долларды чапчыйт.
Tesla компаниясынын ээси, жеке ишкер Илон Маск экинчи сапта турат. Өткөн жылы анын компаниясынын акциялары 720 пайызга кымбаттап, рейтингдеги 31-катардан дароо экинчиге көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берди.LVMH мода үйүнө үй-бүлөсү менен ээлик кылган Бернар Арно үчүнчү сапка жайгашып, мүлкү 150 миллиард долларга бааланууда. Эскерте кетсек, россиялык супермодель Наталья Водянова Бернардын уулу Антуан Арнонун жубайы болот.
Рейтингге бардыгы болуп 2 755 миллиардер кирген. Алар былтыркыдан 660 кишиге көбөйгөн. Миллиардерлердин мүлкү жалпы жонунан 13,08 триллион долларга бааланууда. Бул рекорддук көрсөткүч.
Планетанын эң бай адамы Жефф Безос 2018-жылы Вашингтондо өткөн экономикалык клубдун жыйынында сүйлөп жаткан учуру
Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск автоунаанын жанында турат. 2020-жылы ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде болуп көрбөгөндөй секирик жасаган
Рейтингде үчүнчү сапта LVMH мода үйүнө ээлик кылган Бернар Арно жана үй-бүлөсү турат. Сүрөттө: Бернар Арно өмүрлүк жары, уулу Антуан жана келини россиялык супермодель Наталья Водянова
Microsoft компаниясын негиздеген Билл Гейтс 124 миллиард доллар мүлкү менен төртүнчү орунда турат. Ал жубайы менен дүйнөдөгү эң ири кайрымдуулук фондду жетектешет. Мындан сырткары, АКШнын 19 штатында дыйканчылык жерлери бар
Бешинчи сапты Марк Цукерберг ээлеген. Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсүнүн мүлкү 97 миллиардды чапчыйт
Уоррен Баффеттин байлыгы Цукербергдикинен бир миллиард долларга аз. Ал белгилүү Berkshire Hathaway инвестициялык мекемеге жетекчилик кылат. Уюм 60тан ашык компаниянын үлүшүнө ээлик кылат
Миллиардер Ларри Эллисондун негизги кирешеси Oracle компаниясынан түшөт. Мекеме программалык камсыздоо менен алектенет. Эллисондун мүлкү 93 миллиард доллар деп бааланат
Ларри Пейж менен Сергей Брин дүйнөдөгү эң популярдуу Google издөө системасын иштеп чыгышкан. Байлардын тизмесинде сегизинчи катарда турган Ларри Пейждин мүлкү 91,5 миллиард доллар
Сергей Бриндин 89 миллиард долларлык мүлкү бар. Анын атасы 1977-жылы Советтер Союзунан жер которуп кеткен
Индиялык Мукеш Амбани ааламдагы эң байлардын тизмесиндеги алдыңкы ондукка кирген азиялык жалгыз өкүл. Ал ири мунай компаниясынын акционери болуп саналат. Мындан сырткары, 4G-интернет кызматын көрсөтүүчү компанияга ээлик кылат
Inditex корпорациясын негиздеген испаниялык Амансио Ортега 11-сапта турат. Ал бир катар дүйнөлүк бренддерди башкарат, алардын эң атактуусу – Zara
Франсуаза Беттанкур-Майерс L'Oreal косметикалык бизнес-империясын негиздеген адамдын небереси болуп саналат
Кытайлык Чжун Шаньшань суусундук чыгаруучу компанияга жана медициналык корпорацияга ээлик кылат
Microsoft компаниясынын мурдагы башкы директору Стив Балмер рейтингде 14-сапта
Ма Хуатэн Tencent Holdings интернет-холдингге ээлик кылат. WeChat мессенжери дал ушул уюмга таандык. Кытайлыктын ошондой эле дүйнөдөгү башка ири долбоорлордо да үлүшү бар.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россия ушул жылдын 1-сентябрынан тарта күн карама майын экспорттоого эркин пошлина системасын киргизгени турат. Бул тууралуу март айынын соңунда РФтин экономикалык өнүгүү министри Максим Решетниковго шилтеме берип "Известия" басылмасы кабарлаган.
Sputnik агенттиги жагдайдын Кыргызстанга кандай таасир этерин карап көрдү.
Максим Решетниковдун айтымында, Россия өкмөтү жогоруда айтылып жаткан, андан жогору болгон учурда пошлина алынчу бааны аныктай элек.
"Эмне себептен пошлинанын жаңы түрү 1-сентябрдан тарта киргизилүүдө? Анткени өкмөт түшүмдү байкап туруп, ошого карата чечим кабыл алат", — деди министр.
Кыргызстан өсүмдүк майы менен өзүн 17 гана пайыз камсыздай алат. Калганын башка өлкөлөрдөн, анын ичинде Россиядан алат. Мисалы, 2020-жылы РФтен биздин өлкөгө 37 миң тонна өсүмдүк майы импорттолгон. Негизи эле Россия ЕАЭБ өлкөлөрүн суу май менен камсыздаган ири өндүрүүчү болуп эсептелет.
Бул жагдайларды эске алуу менен премьер-министрдин мурдагы кеңешчиси Кубат Рахимов эркин пошлина Кыргызстанга зыян келтирбейт деп эсептейт.
"Ири өндүрүүчү болуп эсептелген Россиянын ички рыногунда баалардын туруктуу же арзан болушу ЕАЭБге кирген башка өлкөлөргө дагы пайдасын тийгизет. Интеграция иштей баштаганын ушундан байкаса болот", — деди ал.
Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлиги дагы ушундай эле пикирде. Ведомствонун адистеринин айтымында, эркин пошлина экономикалык биримдикте турган өлкөлөргө көлөкөсүн түшүрбөйт.