Түркия Көчмөндөр оюнун Кыргызстан менен тыгыз байланышта өткөрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга Түркия парламентинин төрагасы Бинали Йылдырым келди.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Түркия 2020-жылы өлкө аймагында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кыргыз тарап менен өз ара тыгыз байланышта өткөрүүгө ишеним артат. Бул тууралуу парламент төрагасы Бинали Йылдырым премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугуп жатып билдирди.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөр 6-декабрь күнү Бишкекте өткөн.

Абылгазиев эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин чыңдалышын канааттануу менен белгиледи.

"Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүү көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 25 пайызга өсүп, 277 миллион долларды түзгөн. Бул багытта мындан да мыкты ийгиликтерге жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенине ишенем", — деди өкмөт башчы.

Абылгазиевдин айтымында, бүгүнкү күндө бир катар түрк жана биргелешкен компаниялар Кыргызстанда ар кыл тармактарда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Өкмөт башчы ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы Түркиянын кызматташтык жана координация боюнча агенттигинин (ТИКА) ролун белгилеп, көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын спикери Бинали Йылдырым өлкөлөрдүн ортосундагы саясий өз ара аракеттешүүлөрдүн да деңгээли жогору экенин белгилеп өттү.

"Үстүбүздөгү жылы биздин мамлекет башчылар бир нече ирет жолугушту, парламент спикерлери туруктуу байланышта, өкмөттүк деңгээлдеги жолугушуулар улантылууда. Мунун баары эки өлкөнүн ортосундагы алаканын жогорку деңгээлин тастыктап турат", — деди спикер.

Бинали Йылдырым 2020-жылы Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кыргыз тарап менен өз ара тыгыз байланышта ийгиликтүү өткөрүүгө ишеним артты.

Жаңылыктар түрмөгү
0