Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив

Шевченко менен Енджейчиктин беттеши. Букмекерлер божомолун өзгөрттү

295
(жаңыланган 19:57 09.12.2018)
Кыргызстандык Валентина Шевченко менен Жоанна Енджейчик чемпиондук титул үчүн беттешет.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Польшалык мушкер Жоанна Енджейчиктин Валентина Шевченко менен боло турчу беттеште утуу мүмкүнчүлүгү азаюуда. Мындай жыйынтык букмекерлердин божомолдорун анализдегенден кийин чыкты.

Мушкерлер 8-декабрда Торонто шаарында беттешет. Бирок убакыттын айырмачылыгынан улам (12 саат) кыргызстандыктар 9-декабрда эртең менен көрө алышат.

Ноябрь айынын ортосунда "Тенниси" букмекери кыргызстандык мушкердин жеңүү коэффициентин 1,34, польшалык мушкердикин 3,1 деп божомолдогон. Эми Шевченконун жеңип алуу мүмкүнчүлүгү 1,27 болсо, атаандашыныкы 3,5 болду. Коэффициент канчалык төмөн болсо, мушкердин утуп алуу мүмкүнчүлүгү жогору болот.

Шевченко жеңишке жетсе, UFC уюмунун мурдагы Союз өлкөлөрүнөн чыккан алгачкы аял спортчусу боло алат. Буга чейин эркектер арасында мушкер Хабиб Нурмагомедов чемпион аталган.

295
Белгилер:
беттешүү, UFC, Жоанна Енджейчик, Валентина Шевченко
Тема боюнча
Шевченко менен Енджейчиктин беттешин көрсөтчү каналдар жана сайттар. Тизме
Шевченкону теше тиктеген Енджейчик. Көз караштар таймашы
Пикирлер