Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов. Архив

Семетей Султанов АФКнын вице-президенттигине талапкер болду

172
(жаңыланган 18:14 09.12.2018)
Аталган кызматка талапкер болгондордун саны 15ке жетет.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов Азия футбол конфедерациясынын (АФК) вице-президенттигине талапкер болгондордун ичинде. Бул тууралуу конфедерациянын сайтына жарыяланды.

Талапкерлердин саны 15ке жетет. Эми алар коюлган талаптарга ылайык текшерүүдөн өтүшү керек.

Арыздарды кабыл алуу 6-декабрда аяктап, шайлоо кийинки жылы 6-апрелде өтөт.

172
Белгилер:
Футбол, Азия футбол конфедерациясы, Семетей Султанов, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык мушкер Малайзияда жеңишке жетти. Видео
Пикирлер