Сүйүнчү! Валентина Шевченко атаандашын жеңип, UFC уюмунун чемпиону аталды

© REUTERS / Tom Szczerbowski-USA TODAY SportsЧемпионский титул между Валентиной Шевченко и Джоанной Енджейчик в рамках UFC 231
Чемпионский титул между Валентиной Шевченко и Джоанной Енджейчик в рамках UFC 231 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармаш UFC 231 турниринин алкагында Торонтодо (Канада) өттү.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Валентина Шевченко атаандашын жеңип, UFC уюмунун чемпиону аталды. Ушуну менен кыргызстандык мушкер биринчи жолу мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болду.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко атаандашы Жоанна Енджейчикти утуп, UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону аталды.

​Кармаш UFC 231 турниринин алкагында Торонтодо (Канада) өттү. Анда Шевченко польшалык Енджейчик менен 57 килограмм салмакта күч сынашып, беш раунддун жыйынтыгы менен жеңип алды.

​Ушуну менен кыргызстандык мушкер биринчи жолу мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болду. Эркектер арасында россиялык Хабиб Нурмагомедов чемпион болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0