Шевченко: Кыргызстаныма салам! Баарыңарга ыраазымын

© REUTERS / Tom Szczerbowski-USA TODAY SportsБоец UFC Валентина Шевченко
Боец UFC Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шевченко UFC 231 турниринин алкагында польшалык Жоанна Енджейчикти калыстардын чечими менен утуп, 57 килограмм салмакта чемпион аталды.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиону болгондон кийин октагондон күйөрмандарына салам жолдоп, командасына ыраазычылык айтты.

Шевченко Торонтодо өткөн UFC 231 турниринин алкагында польшалык Жоанна Енджейчикти калыстардын чечими менен утуп, 57 килограмм салмакта чемпион аталды

​"Биринчиден, мыкты беттеш тартуулаганы үчүн атаандашым Енджейчикке рахмат. Бул жалгыз менин жеңишим эмес. Туулуп-өскөн Кыргызстаныма салам айтам. Бардык күйөрмандарга ыраазычылык. Ошондой эле бир тууган эжем Антонина менен машыктыруучум Павел Федотовго алкыш. Алар беттешке даярданууга баштан-аяк жардам беришти", — деди Шевченко.

Ал сүйлөп бүтүп кавказ бийи — лезгинканы бийледи.

Ушуну менен кыргызстандык мушкер биринчи жолу мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болду. Эркектер арасында россиялык Хабиб Нурмагомедов чемпион болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0