Кыргызстандын мыкты футболчулары Бишкектин "Дордой" клубуна өтүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековФутболисты сборной Кыргызстана на тренировке
Футболисты сборной Кыргызстана на тренировке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч футболчунун экөө буга чейин шаардык командада ойногон.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкектик "Дордой" клубу Кыргызстандын улуттук курама командасындагы алдыңкы футболчулар менен келишим түздү.

КРдин учурдагы чемпион-клубунун маалымат кызматынын ырасташынча, катарга кураманын капитаны Азамат Байматов, дарбазачы Павел Матяш жана эң мыкты чабуулчу Антон Землянухин кирди.

Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Семетей Султанов АФКнын вице-президенттигине талапкер болду
Байматов буга чейин индонезиялык "Борнео" клубунда ойногон, учурда алган жаракатынан улам футбол боюнча Азия кубогуна катышпай турган болгон. Землянухин шаардык "Илбирс" клубунун мүчөсү болчу, ал эми Матяш өзбекстандык "Алмалыкта" мелдешип, бирок акыркы убакта бош оюнчулардын катарына кирген.

Байматов менен Матяш мурда "Дордой" үчүн беттешкен.

"Дордой" келе жаткан жылы Азия футбол конфедерациясынын тайпалык баскычына даярдыкты баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0