Валентина Шевченко: Аманда Нунис менен бүтпөй калган ишим бар

© REUTERS / Perry NelsonБой Валентины Шевчкенко в Амандой Нуньес
Бой Валентины Шевчкенко в Амандой Нуньес - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Валентина чемпиондук наамы көп жылдык эмгегинин акыбети экендигин белгилеген.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону аталган кыргызстандык Валентина Шевченко наамын эжеси Антонина дал ушул дивизиондо №1 талапкер болмоюнча кармап турарын Yahoo Sports басылмасына берген маегинде айтты. 

"Бир тууган эжем Антонина чемпиондук наамга жеткичекти курумду коргоп турам, андан ары көрө жатарбыз. Менин Аманда Нунис менен бүтпөй калган ишим бар… жеңил салмактагы. Мен ага утулбаганымды билем, ал деле беттеште жеңүүчү болбогонун билет. Кармаш качан экендигин так айта албайм, бирок ал бир күнү болот. Калганын убакыт-мезгил көрсөтөт", — деди Шевченко.

Беттештен кийинки маегинде Валентина чемпиондук наамы көп жылдык эмгегинин акыбети экендигин белгилеген.

Чемпионский бой между Валентиной Шевченко и Джоанной Енджейчик на турнире UFC 231 в Канаде - Sputnik Кыргызстан
Айланайын, кагылайын Валентина!!! Шевченко боюнча соцтармактагы пикирлер
Кыргызстандык спортчу кечээ Торонтодо өткөн UFC 231 турниринин алкагында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, эң жеңил (57 кг) салмактагы чемпион аталган. Шевченко былтыр бразилиялык Аманда Нунистен (61 кг) утулгандан кийин жеңил салмакка өткөн болчу. Быйыл февралдын башында жаңы категорияда Присцилла Кечоейра менен күч сынашып, аны муунтуу ыкмасы менен утуп алган. Көп өтпөй UFC уюму чемпиондук наам үчүн Никко Монтано менен беттеш коюп берген, бирок Монтано кармашка бир күн калганда ооруканага түшкөн. Мындан улам уюм Монтанону чемпиондук наамынан ажыраткан.

Валентина Шевченконун улуу эжеси Антонина аталган уюмда быйыл күч сынаша баштады. Жакында эле кореялык Жи Йон Кимди уткан

Жаңылыктар түрмөгү
0