Жанталаша дарбазасын коргогон футболчулар талкууга түштү. Видео

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүФутболчу. Архив
Футболчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюндагы кызыктуу ирмемди көрүүчүлөрдүн бири видеого тартып алган.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Социалдык тармактарда Англиянын Wingate&Finchley футбол клубунун чеберчилик менен дарбазасын коргогон видеосу колдонуучулардын кызуу талкуусуна түштү.

​Аталган ролик британиялык клубдун Twitter баракчасына 15-декабрда жарыяланып, 2,5 миллион адам көргөн.

The Guardian басылмасы чеберчилик менен дарбазасын коргогон оюн Англиянын Футбол ассоциациясынын кубогунда Wingate&Finchley FC менен Dulwich Hamlet командаларынын беттеши учурунда болгонун жазды.

​Интернет колдонуучулары жанталашкан оюнчулар жеңишти колдон чыгарбайын деп болгон-бүткөн күчүн сарптап ойноду деп сыпатташууда. Натыйжада ошол Wingate&Finchley командасы 2:0 эсеби менен жеңишти камсыздаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0