Хабибдин атасы уулу канча акчага Макгрегор менен кайра беттешерин айтты

© REUTERS / Noah K. MurrayUFC мушкерлери Хабиб Нурмагомедов жана Конор Макгрегор. Архив
UFC мушкерлери Хабиб Нурмагомедов жана Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык мушкерге Макгрегор менен реваншка чыгуусу үчүн 15 миллион доллар сунушташкан.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. UFC чемпиону болгон россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов Sport-24 жаңылыктар порталына берген маегинде уулу Конор Макгрегор менен реванштык беттешке чыгуусуна канча акча сунушталганын айтты.

Ал эгер UFC уюму Хабибге 30 миллион доллардан кем эмес гонорар төлөп берсе, ирландиялык мушкер менен кайрадан октагонго чыгууга макул болот деген позицияны кармана турганын билдирген.

"Макгрегор менен реваншка чыгууга 15 миллион доллар сунушташты… Эмне кереги бар? Отуз, жигит, 30 миллион", — деп айткан машыктыруучусу.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченконун кийинки каршылашынын аты аталды
Ошондой эле Абдулманап Нурмагомедов анын уулунан чемпиондук курду талаша турган башка мушкерлерди да сыйлоо керектигин кошумчалады. Анын арасында америкалык Тони Фергюсон жана Дастин Порье бар экенин айткан.

Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов 6-октябрь күнү UFC 229 турниринин алкагында Конор Макгрегорду утуп, жеңил салмактагы чемпион наамын коргоп калган.

Кийинчерээк Макгрегор реванш талап кылганы маалым. Кармаштан кийин UFC президенти Дана Уайт кийинки беттештен Хабиб 50 миллион доллар табышы мүмкүн экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0