UFC Валентина Шевченконун BISHKEK, KGZ жазуулары бар футболка чыгарды

© Фото / Анастасия МарченкоТайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко
Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футболкалардын бир моделинде Кыргызстандын жапайы жаратылышынын символу катары эсептелген ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. UFC уюмунун онлайн дүкөнү жеңил салмактагы чемпион Валентина Шевченконун футболкасын сатыкка койду.

Футболкаларда "Бишкек, Кыргызстан" деген жазуулар бар. 

Мындан тышкары, футболкалардын "өзгөчө серия" (Legacy Series) модели чыгарылган. Ал кеченин башкы беттешинде гана кийилет. 

​Футболкага Кыргызстандын жапайы жаратылышынын символу катары эсептелген ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөнүн көрүүгө болот.

Шевченко польшалык Енджейчик менен 57 килограмм салмакта күч сынашып, беш раунддун жыйынтыгы менен жеңип алган. Муну менен ал абсолюттук чемпион аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0