Кыргызстандын футболчулары Катарга жеңилип калды

© Фото / пресс-служба ФФКРНациональная сборная Кыргызстана по футболу
Национальная сборная Кыргызстана по футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш күйөрмансыз, жабык өттү.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы катарлыктар менен жолдоштук беттеш өткөрүп, жеңилип калды. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин уюштурулган беттеш жабык режимде Катарда өттү. Маалыматка караганда, атаандаштар кыргыз футболчуларын 1:0 эсебинде утуп алды.

​Белгилей кетсек, жакында эле дал ушундай беттеш Иордания курама командасы менен өткөрүлгөн. Анда кыргызстандыктар 1:0 эсеби менен жеңип алышкан

Эске салсак, ушул тапта курама команда Доха (Катар) шаарында өтчү алгачкы Азия кубогуна кам көрүп жатат.

Чемпионат 2019-жылдын 5-январында башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0