БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунун алдында контролдук беттеш өткөрөрүн КР командасынын медиаофицери Павел Синегубов билдирди.
Ага ылайык, кыргызстандык оюнчулар 31-декабрда Катарда Палестинанын футболчулары менен беттешет.
Оюн жабык түрдө өтүп, күйөрмандар киргизилбейт.
Буга чейин Кыргызстандын курамасы эки жолу контролдук беттеш өткөрүп, Иорданияны 1:0 эсеби менен утуп, Катарга 0:1 эсебинде утулган.
Эске салсак, ушул тапта курама команда Азия кубогуна кам көрүү үчүн Доха (Катар) шаарында машыгууда.
Чемпионат 2019-жылдын 5-январында башталат.