"Тайсон" Келдибеков утулуп көрбөгөн чеченстандык спортчу менен беттешет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тайсон" каймана аты менен таанымал мушкер Канат Келдибеков. Архив
Тайсон каймана аты менен таанымал мушкер Канат Келдибеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канат Келдибеков Махачкалага машыгууга жөнөп кетти.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. "Тайсон" каймана аты менен таанымал мушкер Канат Келдибеков ACB жана WFCA (Ахмат — ред.) уюмдарынын биргелешкен ACA турнирине катышат. Бул туурасында спортчу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 26-январда Чеченстандын борбору Грозный шаарында өтөт. Анда кыргызстандык спортчу карьерасында бир да ирет утулуп көрбөгөн жергиликтүү мушкер Хусейн Шайхаев менен 66 килограмм салмакта күч сынашат.

Учурда Канат Келдибеков Махачкалага (Дагестан) машыгууга жөнөп кеткенин достору Instagram баракчаларына жүктөдү.

"Атаандашым ММА боюнча алты турнирдин жеңүүчүсү жана өз өлкөсүндө таанымал. Андыктан мыкты деңгээлде даярданып, мекенимдин намысын коргошум керек", — деди спортчу.

Уулум элдин балдарындай сүйлөп кетсе... Кыргызстандык Тайсондун жашыган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Уулум элдин балдарындай сүйлөп кетсе... Кыргызстандык "Тайсондун" жашыган видеосу
27 жаштагы Канат Келдибеков аралаш мушташ (ММА) боюнча белгилүү мушкерлердин бири. Карьерасында 11 мелдешти утуп, үч гана ирет жеңилген. Быйыл чеченстандык таанымал спортчу Агшим Бабаевди уткандан кийин "Ахмат" лигасы менен үч беттешке келишим түзгөн. Жакында эле Бишкекте өткөн WEF Global 14 турниринде тажик спортчусун утуп, көз кандырган беттеш тартуулаган.

Sputnik жакында эле "Тайсондун" үй-бүлөсү жана жашоосу тууралуу видеоматериал даярдаган. Анда спортчу 6 жаштагы уулун дарылоого жардам сураган.

Жаңылыктар түрмөгү
0