Кымча бел, чимирилген Шевченко. Спортчунун цыганча бийлеп жаткан видеосу

© Фото / Dani DiamondТайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко
Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видео 2012-жылы тартылганы менен мушкер аны Жаңы жылдын (2019) биринчи күнү жүктөгөн.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. UFC чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко цыган бийин чимириле аткарып жаткан видеосун Instagram баракчасына чыгарды. Ал бийди эки күн ичинде 23 миңге чукул адам көргөн.

"Бир нече жыл мурдагы жаңы жылда, Перуда", — деп жазган Шевченко видеонун алдына.

Мушкердин энеси Елена Шевченко бийдин видеосу 2012-жылы тартылганын айтты.

Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко чыгыш бийин чимириле бийлеген видеосун чыгарды
Буга чейин спортчу төрт тилде, анын ичинде кыргыз тилинде жаңы жылдык куттуктоосун айткан.

Шевченконун октаганго чыгып мушташкандан башка өнөрүн көбү биле бербесе керек. Ал гитарада кол ойнотуп, сүрөттү мыкты тартат, тапанчаны таамай аткан талантка ээ. Ошондой эле дүйнө элдеринин бийин билет.

Эске сала кетсек, былтыр 8-декабрда Валентина Шевченко польшалык Жоанна Енджейчикти UFC 231 турниринин алкагында утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0