UFC башчысы Конор менен Хабибдин реваншы качан боло турганын айтты

© REUTERS / Stephen R. SylvanieТурнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор
Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дана Уайт эгер бардыгы план боюнча кетсе, мушкерлердин беттеши ишке ашышы керек деген ойдо.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. UFC мушкерлер уюмунун президенти Дана Уайт россиялык Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык Конор Макгрегордун реванштык беттешин быйыл, 2019-жылы өткөргөнгө ниеттенип жатканын Р-Спорт TMZ Sports басылмасына шилтеме берип жазды. 

"Эгер бардыгы план боюнча кетсе, анда мушкерлердин беттеши болот", — деп айткан Дана Уайт.

Хабиб Нурмагомедов былтыр, 6-октябрь күнү, UFC 229 турниринин алкагында Конор Макгрегорду төртүнчү раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, жеңил салмактагы наамын коргоп калган.

Боксерский бой между Флойд Мэйвезер-младшим и кикбоксером Тенсина Насукавой - Sputnik Кыргызстан
Мэйвезер: япон мушкери менен спарринг өткөрүп, 9 млн. доллар таптым
Беттештен кийин Нурмагомедов ачуусу менен буга чейин эле намысына тийип жүргөн Макгрегордун спарринг-өнөктөшүн тордон секирип өтүп,  ур-соккуга алып, жаңжал чыгарган. Мунун кесепетинен эки мушкердин командасы, ошондой эле көрүүчүлөр да мушташып кеткен. Натыйжада Невада штатынын Атлетикалык комиссиясы аралыктан иликтөө ишин жүргүзгөн. Нурмагомедовду беттештен четтетүү коркунучу бар экендиги айтылып келет.

Нурмагомедов ММАде 27 беттештин жеңүүчүсү, ал эми Макгрегор 21 мелдешти утуп, төрт жолу жеңилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0