Хоккеист держит клюшку. Архивное фото

Кыргызстандык жаш үч хоккейчи канадалык клубга чакыруу алды

196
(жаңыланган 17:07 03.01.2019)
Дагы эки оюнчуга Канададагы академиялардын биринде окуп жана машыгууга мүмкүнчүлүк жаралды.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кыргызстандык жаш үч хоккейчи Канаданын командасында ойногонго чакыруу алды. Бул туурасында маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине өлкөнүн Хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Мурат Жакыпов тастыктады.

Анын айтымында, хоккейчилер былтыр эл аралык мелдеште мыкты оюн көрсөткөндөн кийин чет мамлекеттеги клубдан сунуш түшкөн.

"Кыргызстандын балдар курама командасы машыктыруучу Ринат Мустафаевдин жетекчилиги алдында эл аралык Golden Horseshoe турнирине катышкан. Мелдеш 2018-жылы 27-31-декабрда Канаданын Торонто шаарында өткөн. Ага 2009-жылы туулган балдар катышкан. Бизден намысты 2010-жылы төрөлгөн оюнчулар  талашты. Жыйынтыгында курама команда "Жеңишке болгон эрдиги жана эрктүүлүгү" сыйлыгына татып, арасынан үчөө канадалык клубдун Select (тандап алуу — ред.) деңгээлинде ойногонго мүмкүнчүлүк алды. Бул бийик деңгээл", — деп билдирди Жакыпов.

Ал кошумчалагандай, дагы эки оюнчу Канададагы академиялардын биринде окуп жана машыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Клубга ойногонго чакыруу алгандар: Асан Абдыгулов, Илья Кубрин жана Умар Эсенов, ал эми академияда машыга тургандар Данил Соловьев менен Канат Мамыров болду.

196
Белгилер:
хоккей, оюн, федерация, Канада, Кыргызстан
Тема боюнча
Депутаттын уулу АКШнын хоккей командасынын негизги курамында ойной баштады
КРдин хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын квалификациясына кирди
Джастин Гэтжи менен Хабиб Нурмагомедов беттешүү учурунда

Хабиб мыкты беттеш тартуулаганы үчүн кошумча 50 миң доллар алат

360
(жаңыланган 18:24 25.10.2020)
Бишкек убактысы менен 25-октябрга караган түнү Нурмагомедов каршылашын экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпиондук наамын сактап калды.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедовго мыкты беттеш тартуулаганы үчүн гонорарынан сырткары бонус берет. Бул тууралуу Дана Уайт маалымат жыйынында айтканын "Известия" жазды. 

Нурмагомедов беттешкени үчүн канча сый акы алары белгисиз. Ал эми бонустун суммасы 50 миң долларды түзөт.

Хабибден тышкары ушунча акчаны молдовалык Ион Куцелабаны нокаутка кетирген россиялык Магомед Анкалаев дагы алмакчы.

Макгрегор эзелки атаандашы Нурмагомедовдун Гэтжи менен беттеши боюнча үн катты

Бүгүн түнү Нурмагомедов каршылашын экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпиондук наамын сактап калды. Хабиб бул анын акыркы кармашы болгонун жар салды. Мындай убадасын апасына атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болгондон кийин бергенин айтты.

360
Белгилер:
сый акы, бонус, беттешүү, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Хабиб менен Гэтжи беттешкен UFC 254 турниринин эң кызуу ирмемдери. Видео
Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив

Макгрегор эзелки атаандашы Нурмагомедовдун Гэтжи менен беттеши боюнча үн катты

669
(жаңыланган 13:34 25.10.2020)
Эки жыл мурда ирландиялык мушкер россиялык Нурмагомедовго утулуп калган. Макгрегор ага көп ирет сын айтып жүрүп, кийинчерээк сый мамилеге өткөн.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор UFC 254 турниринин алкагындагы Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжинин кармашын мыкты деп атады.

Бүгүн түнү Нурмагомедов каршылашын экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпиондук наамын сактап калды.

​"Мыкты кармаш. Мен сенин ишиңди улантам. Дагы бир ирет атаңа сый-урматымды билдирип, жакындарыңа жана сага көңүл айтам", — деп жазган Макгрегор Twitter баракчасына.

Нурмагомедов октагонго чыгарына үч жума калганда бутун сындырып алган

Эске салсак, 2018-жылы ирландиялык мушкер Нурмагомедовго утулуп калган. Анда дагы россиялык спортчу муунтуу ыкмасын колдонуп жеңип алган. Ошондон бери Макгрегор ага социалдык тармактан көп ирет сын айтып жүрүп, кийинчерээк сый мамилеге өткөн.

Хабиб бел курун сактап калгандан кийин бул анын акыркы кармашы болгонун жар салды. Бул убаданы апасына атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болгондон кийин бергенин айтты.

669
Белгилер:
беттешүү, Конор Макгрегор, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Карьерасын жыйынтыктаган Нурмагомедов алдыдагы пландарын айтты
Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев. Архив

Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигиндеги көйгөйлөрдү ачыктады

197
(жаңыланган 00:23 26.10.2020)
Министрдин айтымында, ведомство Советтер Союзунан бери өзгөрбөгөндөй сезим калтырган. Анда керек болсо жылуулук жок экенин белгилеген.

БИШКЕК, 26-окт. – Sputnik. Айыл чарба министрлигинде жаңыланууну талап кылган нерселер көп экен. Бул тууралуу министр Тилек Токтогазиев өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып билдирди. 

Ал кыска мөөнөттүн ичинде өзгөртүүлөрдү жасап, анда иштеп жаткан адистерге жакшыраак шарт түзүп берүүгө аракет жасай турганын белгиледи.

35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме

“Башка министрликтерге салыштырмалуу бул жактын айлыгы аз экен. Жакшы адистерге жакшы маяна төлөп бергидей кылышыбыз керек. Иштөө шарттары дагы начарыраак экен, мисалы жылуулук жок, суук. Ушунун баарын акырындык менен ордуна алып келебиз. Документтердин бардыгы кагаз түрүндө экен. Аны электрондук форматка өткөрүү зарыл”, - деди министр.

Токтогазиев кагаздар электрондук форматка өтсө ички процесстер, дыйкандарга кызмат көрсөтүүлөр батыраак жүрөрүн кошумчалады. Ал ошондой эле министрликте 888 киши иштей турганын, жалпы ведомство текшерилсин деген буйрук чыгарганын белгиледи.

“Азыр биз аудит баштадык. Жалпы министрлик текшерилсин деп Эсептөө палатасына кат менен кайрылдык. Бүт агенттиктер менен департаменттер текшерилет. Функционалдык анализ жүргүзүлүп, кайсы позициялар керек, кайсылары кереги жок экени аныкталат. Себеби бири-бирин кайталап калган штаттар болушу мүмкүн. Аларды кыскартууга туура келет”, - деди Токтогазиев.

Эң жаш министр алдыда чоң реформаларды жасоо ниети бар экенин кошумчалады.

197
Белгилер:
реформа, көйгөй, Тилек Токтогазиев, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги
Тема боюнча
Тилек Токтогазиев жыйын өткөрүп, министрликтеги ишин эмнеден баштаарын айтты