Валентина Шевченко UFC уюмунун жаңы рейтингинде да алдыга чыкты

© REUTERS / Tom Szczerbowski-USA TODAY SportsКыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив
Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтинг 30-декабрда Калифорнияда өткөн UFC 232 турниринин жыйынтыгына карап чыгарылган.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Валентина Шевченко Мушкерлердин абсолюттук чемпионатынын (UFC) жаңыланган дүйнөлүк рейтингинде лидерликти сактап кала алды. Жаңы тизме уюмдун расмий сайтына жарыяланган.

Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Кымча бел, чимирилген Шевченко. Спортчунун цыганча бийлеп жаткан видеосу
Аталган рейтинг 30-декабрда Калифорнияда өткөн UFC 232 турниринин жыйынтыгына карап чыгарылган. Анда бразилиялык Аманда Нуньес менен UFC уюмунун легендарлуу чемпиону Крис Сайборгдун кармашы кыз-келиндер арасындагы негизги беттеш болуп аталган. Нуньес биринчи раунддун 50-секундасында эле жеңишти камсыздап, алгачкы ирет эки салмак категориясы боюнча (61 жана 65 килограмм) чемпион болгон.

Ал эми абсолюттук чемпион деп кыргызстандык Валентина Шевченко табылды. Ал декабрдын башында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиону болгон.

Кийинки тизмеге Жессика Ай илинген. Экинчи позицияда Сияра Юбэнкс (АКШ), үчүнчүдө Кэтлин Чукагян турат. Кыргызстандык мушкерден утулган Енджейчик төртүнчү орунду ээледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0