Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив

Кимиси жеңет? Кыргызстан Түштүк Корея беттеши боюнча букмекерлердин божомолу

519
(жаңыланган 14:09 12.01.2019)
Алгачкы оюнда утулуп калганына карабастан улуттук команданын плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылууда.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Букмекерлер Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын Азия чемпионатында Түштүк Кореяны утуп алуу мүмкүнчүлүгү аз дешти.

Улуттук команда биринчи жолу Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыкты. Биринчи турда кыргызстандыктар 1:2 эсеби менен Кытай командасынан утулса, түштүк кореялыктар 1:0 эсеби менен Филиппин футболчуларын  жеңип алган. Эми 11-январда боло турган экинчи турда Кыргызстан Түштүк Корея менен, Кытай Филиппин командасы менен беттешмекчи.

"Марафон бет" букмекердик конторасы кыргызстандыктардын жеңишине — 18,5 коэффициент койсо, кореялыктарга — 1,16 берген, ал эми тең эсепке — 7,3 деп турат. Tennisi конторасы улуттук команданын жеңишине — 17, ал эми калган эки көрсөткүч кесиптешиникиндей эле. Экерте кетсек, коэффициент канчалык аз болсо, жеңишке болгон мүмкүнчүлүк ошончолук жогору. Демек, букмекердин божомолунда түштүк кореялык команданын мыкты экени айгине.

Плей-оффко тайпадагы эки мыкты команда чыгат. Ал эми үчүнчү орун алган команда финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

519
Белгилер:
Футбол, Азия чемпионаты, Филиппиндер, Кытай, Түштүк Корея, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандын Азия кубогуна катышуусу (80)
Тема боюнча
Кыргызстандык футболчуларды сүрөгөн ак калпакчан күйөрмандар. Сүрөт
Кыргызстан – Кытай командалары киргизген голдордун видеосу