Кыргызстандын курама командасы. Архивдик сүрөт

Бүгүн Кыргызстан менен Түштүк Кореянын футболчулары алгачкы ирет беттешет

147
(жаңыланган 17:36 11.01.2019)
Кыргызстандын бул жолку атаандашы - Азия биричилигиндеги мыкты командалардын бири.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан Азия кубогунун алкагында бүгүн Кыргызстан менен Түштүк Кореянын курама командалары беттешет.

Оюн Аль-Айн шаарындагы Hazza bin стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 22.00дө башталат.

КР Футбол федерациясынын маалыматына караганда, бул эки команда мурда беттешкен эмес. Болгону 2018-жылдагы Азия оюндарында эки өлкөнүн олимпиадалык командалары ойноп, мелдеш корейлердин пайдасына 1:0 эсеби менен аяктаган. Ал эми олимпиадалык командага 23 жаштан өткөндөрдүн арасынан үч гана оюнчу кошулат.

Кыргызстан быйыл алгачкы жолу Азия кубогуна чыгып жатат. Ал эми атаандаштар Азия биринчилигинде эки ирет (1956 жана 1960-жылдары) жеңишти багындырган.

Кыргызстандын футболчуларынын насаатчысы — россиялык адис Александр Крестинин. Ал эми Түштүк Кореянын курама командасын 2018-жылкы Дүйнө чемпионатындагы жеңилүүлөрдөн кийин португалиялык машыктыруучу Паулу Бенту өз колуна алган.

147
Белгилер:
беттешүү, Футбол, Түштүк Корея, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандын Азия кубогуна катышуусу (80)
Тема боюнча
Күнөөнү бир оюнчудан издебегиле! Крестинин Кыргызстан — Кытай оюну тууралуу
Кыргызстандык футболчуларды сүрөгөн ак калпакчан күйөрмандар. Сүрөт
Кыргызстан – Кытай командалары киргизген голдордун видеосу