Филиппиндиктердин машыктыруучусу кайсы КР оюнчусунан кооптонорун айтты

© REUTERS / SUHAIB SALEMФилиппиндин футбол боюнча курама командасынын машыктыруучусу Йоран Эрикссон
Филиппиндин футбол боюнча курама командасынын машыктыруучусу Йоран Эрикссон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки команда тең Азия кубогунун финалынын 1/8 бөлүгүнө чыгууга аракет кылып жатышат.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Филиппиндин футбол боюнча курама командасынын машыктыруучусу Йоран Эрикссон Кыргызстан менен боло турган оюн катаал боло турганын билдирди. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди.

Белгилей кетсек, оюн 16-январь күнү Дубайдагы Rashid Stadium стадионунда Бишкек убактысы менен саат 19.30да башталат.

"Биздин команда үчүн татаал оюн болот. Эки курама тең плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экенине терең ишенет. Атаандаштарыбыздын чабуулчулары мыкты, өзгөчө №9 номердеги оюнчуну (Эдгар Бернхард — ред.) белгилеп өткүм келет. Кыргызстандын командасы жакшы ойнойт, муну буга чейинки эки беттеште көрсөтүштү. Мүмкүнчүлүк эки командада тең бирдей, бирок плей-оффко чыгуу үчүн жеңиш жетишсиз. Башка тайпалардагы оюндардын жыйынтыгын күтүү керек", — деди Эриксон.

Ал эми улуттук команданын машыктыруучусу Александр Крестинин футболчулар оюнга даяр экенин айтты.

"Балдардын маанайы жакшы, бардык аракетибизди жумшайбыз", — деди ал.

Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея - Sputnik Кыргызстан
КР футболчулары оңой жоо эмес. Плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу
Эскерте кетсек, улуттук команда буга чейин тайпалаштары Кытай (1:2) жана Түштүк Кореядан (0:1) утулуп калган. Бирок филиппиндиктерди жеңсе, үчүнчү орундан плей-оффко чыга турган төрт команданын катарынан орун алат. Эгер утулуп калса, кыргызстандыктар үйгө кайтмакчы.

Ушу тапта улуттук курама тайпада үчүнчү орунда турат. Дарбазага киргизген жана өз дарбазасына кирген топторунун саны боюнча бүгүнкү атаандаштардан алдыда. Эки команданын тең упайы жок.

Кыргызстан менен Филиппин командалары буга чейин жолдоштук беттеште ойногон, анда кыргызстандыктар 1:2 эсеби менен утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0