Виталий Люкс — “красавчик”! Соцтармакты толкуткан кыргыз футболчулары

© AFPКубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Филиппины
Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Филиппины - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук команданын жеңиши кыргызстандыктарга сыймык алып келди. Айрымдары социалдык тармактар аркылуу мактоо сөздөрүн жазса, башкалары көчө кыдырып майрамдап жүрөт.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Дубайда өтүп жаткан Азия кубогунун тайпалык беттешинде Кыргызстандын футболчулары Филиппинди утуп алды. Улуттук команданын жеңишке жетишине чабуулчу Виталий Люкс бирден бир себепчи болду. Анткени ал өзү атаандаштардын дарбазасына үч ирет топ киргизген. Натыйжада оюн 3:1 эсеби менен аяктады

Улуттук курама команда тарыхта биринчи ирет Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыкты. Филиппин командасын жеңүү менен Кыргызстан 1/8 финалына чыгууга мүмкүнчүлүк алды. 

Ал арада жеңишке кубанган кыргызстандыктар түрдүү пикирлерди жазышууда. 

1. Улуттук команданы үч гол менен камсыздаган чабуулчу Виталий Люксту алкагандар көп болууда. Алардын бири Аскарбек Абадыакимов “Люкс чындыгында “люкс” экенсиң! Кутман азаматсың!” деп жазган. 

2. Ошол эле учурда дарбазачы Кутман Кадырбековго ыраазычылык айткандар аз эмес. 

3. Кыргызстандын бүгүнкү жеңиши тарыхты жаңылады. Буга кубанган Бишкектин тургундары калаада кыйкырык-сүрөөн менен борбордук көчөлөрдү кыдырып жүрүшөт. 

4. Кубанычы койнуна батпай шаар аралап жеңишти майрамдаган жаштар. 

5. Ал эми Жылдыз Аятиллаева аттуу колдонуучу оюндун аягындагы кубанычтуу ирмемди видеого тартып баракчасына жүктөп “Жигиттер, силер менен сыймыктанабыз!” деп жазган. 

6. Дагы бир интернет колдонуучу Лилия Абдибаитова жүктөгөн видеодон “Виталий Люкс “красавчик”, азаматсыңар Ак шумкарлар!” деп кубанганын көрүүгө болот. 

7. Азамат Апсатаров болсо өлкө башчы кыргыз эли футболчуларыбызга дем берди деп сыпаттаган. 

8. Бакыт Акжолтоев Ак шумарларга, Кыргызстандын Футбол федерациясына, мыкты машыктыруучу Александр Крестининге, чабуулчу Виталий Люкска чоң рахмат айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0