Азия кубогу: Кыргызстан плей-оффто ким менен ойнору айтылды

© AFP / Giuseppe CACACE Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея
Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук команда финалдын 1/8 бөлүгүнө үчүнчү орундан чыкты.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Азия кубогунун финалынын 1/8 бөлүгүндө Кыргызстан талаа ээси болгон Бириккен Араб эмирлиги менен ойнойт.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курама командасы плей-оффко тайпадагы үчүнчү орундан чыкты. 16-январь күнү өткөн оюнда улуттук команда филиппиндик атаандаштарын 3:1 эсеби менен жеңип, кийинки баскычка өтүү мүмкүнчүлүгүн алган.

Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Филиппины - Sputnik Кыргызстан
Виталий Люкс — “красавчик”! Соцтармакты толкуткан кыргыз футболчулары
Маалыматта оюн 21-январь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 23.00дө болот.

Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстан тарыхта биринчи жолу Азия кубогуна катышып, ийгиликке жетишүүдө. Улуттук команда С тайпасына Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин курамалары менен туш келген. Кыргызстандык футболчулар алгач эки оюндан утулуп калган. Бирок акыркы оюнда мыкты оюн көрсөтүп, чемпионаттын плей-оффуна чыкты.

Жеңиш кыргызстандыктардын баарына сыймык, кубаныч алып келди. Оюн бүткөндөн кийин Бишкектин чок ортосунда күйөрмандар "Кыргызстан!" деп ураан чакырып, колонна менен басып өтүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0