Атаандаштар канча турат? БАЭ курама командасынын баасы айтылды

© REUTERS / SUHAIB SALEMБириккен Араб эмирлигинин футбол боюнча курама командасы
Бириккен Араб эмирлигинин футбол боюнча курама командасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар чемпионаттын чейрек финалына чыгуу үчүн талаа ээси болгон БАЭ командасы менен ат салышат.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бириккен Араб эмирлигинин курама командасында ойногон футболчулардын жалпы наркы 11,1 миллион еврого бааланган. Мындай маалыматты Германиянын Transfermarkt.de басылмасы жазып чыкты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргызстандык команда менен плей-оффто кезиге турган БАЭ командасынын баасын салыштырып көрдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол курама командасы менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент: футболчуларыбыз Кыргызстандын атын дүйнөгө даңазалап жатат
Кыргызстандык футболчулардын жалпы баасы 2,08 миллион евро. Мында командадагы бардык оюнчулар эмес, чемпионатка катышып жаткан тогуз футболчунун наркы гана көрсөтүлүүдө. Эң кымбаты болуп команданын капитаны Валерий Кичин эсептелет (1,2 миллион евро).

Ал эми ат салыша турган командадагы 21 оюнчу 11,1 миллион еврого бааланган. Анын ичинен эң кымбаты болуп жергиликтүү "Аль-Жазира" командасынын оюнчусу, кураманын чабуулчусу Али Мабхут аталды. Буга чейинки Азия кубогунун мыкты чабуулчусу болгон Мабхут 2,8 миллион евро "турат".

Кыргызстандык команда тайпалык беттеште Кытай менен Түштүк Кореяга утулуп калган. Андан кийин Филиппин командасын 3:1 эсеби менен жеңип, үчүнчү орундан плей-оффко чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0