UFC уюмунун эң сулуу кыздарынын беттештен кийин кучакташа ыйлаган видеосу

© REUTERS / Noah K. Murray-USA TODAY SportsUFC Fight Night в Бруклине
UFC Fight Night в Бруклине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
UFC уюму 2019-жылдагы алгачкы турнирин өткөрдү.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Мушкерлердин абсолюттук чемпионаты (UFC) америкалык мушкерлер Пейдж Ванзант менен Рейчел Остовичтин беттештен кийинки видеосун Twitter баракчасына жүктөдү.

Уюмдун 2019-жылдагы алгачкы мелдеши Бруклин (Нью-Йорк) шаарында өткөн.

Турнирдин алкагында Пейдж Ванзант мекендеши Рейчел Остовичти экинчи раундда колду кайруу ыкмасы менен утуп алган. Беттештен кийин кыздардын бири утулганына, экинчиси жеңип алганына ыйлап, кучакташканын көрүүгө болот. 

​Спортчулар 52 килограммда күч сынашты. 

​Алар UFC уюмунун чырайлуу мушкерлери катары таанымал. 

Пейдждин ММА көрсөткүчү 8-4-0, ал эми Остовичтики 4-5-0

Буга чейин дүйнөлүк ЖМКлар Рейчел Остович күйөөсү тарабынан сабалганын жазып чыккан. Бирок ал Пейдж Ванзант менен беттешүүдөн баш тарткан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0