Азия кубогу: Кыргызстан бүгүн 1/4 финалга чыгуу үчүн арабдар менен беттешет

© Фото / пресс-служба ФФКРКубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Филиппины
Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Филиппины - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн Абу-Даби шаарында Бишкек убактысы боюнча саат 23.00дө башталат.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бүгүн көпчүлүк күйөрмандар күтүп жаткан футболдук беттеш болот. Анткени кыргыз футболчулары менен Бириккен Араб Эмирлигинин командасы оюн талаасында күч сынашмакчы.

Азия кубогунун чейрек финалы Абу-Даби шаарында Бишкек убактысы боюнча саат 23.00дө башталат.

Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Филиппины - Sputnik Кыргызстан
Эртең көрөсүздөр! Крестинин БАЭ менен болчу оюн тууралуу суроолорго жооп берди
Белгилей кетсек, кыргыз футболчуларынын атаандашы — талаа ээси. Башкы тренер Александр Крестинин улуттук команда чейрек финалга чыгууга жан үрөп жатканын, ал үчүн бардык күчүн жумшай турганын билдирген.

Кыргызстандын курама командасы буга чейин кытайлыктар менен түштүккореялыктарга жеңилип калган. Бирок үчүнчү оюнда филиппиндиктерди 3:1 эсебинде жеңип, өз тайпасында үчүнчү орунду ээлеп плей-оффко чыккан. Ал эми БАЭ өз тайпасында биринчи орунду алган.

Эгер Кыргызстан чейрек финалга өтүп кетсе, Австралия — Өзбекстан беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт.

Оюнду КТРК Спорт телеканалы түз алып көрсөтөт. Мындан сырткары, күйөрмандар өздөрүнчө чогулуп соода борборлордон көрүшмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0