БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Аралаш стиль (MMA) боюнча АКШлык мушкер кыз Паулина Масиас атаандашы Мадалин Микэмдин "мушташты токтотолу" деген өтүнүчүнө карабай, аны ургулай берген.
Official Result: Pauline Macias def. Madaline Meacham via Verbal Submission at 1:18 into Round 2. #LFA57 @lfafighting pic.twitter.com/Cfs1k89hS1
— AXS TV Fights (@AXSTVFights) 19 января 2019 г.
Окуя аралаш стиль боюнча Legacy Fighting Alliance (LFA) таймашы учурунда болду.
Бир нече жолу бетке мушталган Микэм колун жаңсап, таймашты токтотуп турууну суранат. Бирок берилип кеткен атаандашы өтүнүчкө карабай, Микемди башка-көзгө ургулап жиберет.
Ал эми соцтармактын колдонуучулары атаандашы өзү багынып бергенине карабай, сокку урган Масиастын дарегине терс пикирлерди жазышты.
Бул окуяга карама-каршы көрүнүш жакында эле Нью-Йорк шаарында болду. Анда UFC уюмунун мушкер кыздары Пейдж Ванзант менен Рейчел Остович беттештен кийин кучакташып алып ыйлашты.