Көчөнү жаңыртып кыйкырышты. Бишкекте күйөрмандар биринчи голду тосуп алган видео

© Sputnik / Эркин СадыковКыргызстанские болельщики наблюдают за матчем Кыргызстан — ОАЭ 1/8 финала Кубка Азии по футболу в Абу-Даби
Кыргызстанские болельщики наблюдают за матчем Кыргызстан — ОАЭ 1/8 финала Кубка Азии по футболу в Абу-Даби - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атаандаштын дарбазасына топту Мирлан Мурзаев киргизип, эсепти 1:1 кылды.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары Бириккен Араб Эмирлигинин командасы менен беттеште эсепти теңдеди. 

Атаандаштын дарбазасына топту Мирлан Мурзаев киргизип, эсепти 1:1 кылды.

Кыргызстандык оюнчу дарбазага жакындап барып, болуп көрбөгөндөй чеберчилик менен топту дарбазага киргизди.

Бул учурда Бишкек шаарынын Чүй-Ибраимов көчөлөрүнүн аймагында ири монитордон футбол көрүп жаткан кыргызстандык күйөрмандар “Кыргызстан!” деп кыйкырып, кол чаап, ышкырып жатышты.

Ал жерде иштеп жаткан Sputnik агенттигинин кабарчысынын айтымында, кубангандан көзүнө жаш алып жибергендер да болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0