Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ

Бишкектеги дүңкүлдөгөн барабан, бийлеген эл. Экинчи гол учурундагы видео

1403
(жаңыланган 13:30 25.01.2019)
Ошол эле жерде калпакчан чет элдиктин барабанды голдун урматына арнап салтанат менен уруп жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары Бириккен Араб Эмирлигинин командасы менен беттеште эсепти теңдеп, 2:2ге жеткирди.

Көптөн күткөн оюндун соңуна саналуу мүнөттөр калган ирмемде кирген гол учурунда борбор шаардагы соода үйүнүн алды кубанычтын кыйкырыгынан, кол чабуулар жана ураандан жарылып кете жаздады. 

Ошол эле жерде калпакчан чет элдиктин барабанды голдун салтанатына арнап шаңдуу уруп жатканын көрүүгө болот.

​Учурда Бишкек шаарынын Чүй-Ибраимов көчөлөрүнүн аймагында ири монитордон күйөрмандар беттешти көрүп жатат.

1403
Белгилер:
күйөрман, футбол, Азия кубогу, Бириккен Араб Эмирлиги, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандын Азия кубогуна катышуусу (80)
Тема боюнча
Көчөнү жаңыртып кыйкырышты. Бишкекте күйөрмандар биринчи голду тосуп алган видео
Азия кубогу: Кыргызстан командасынын баштапкы курамы белгилүү болду
Чачымды кырдырам! Кыргызстан футболчуларын сүрөгөн соцтармактагы күйөрмандар

Жолунан адашкан атаандашын астына өткөргөн триатлончу сыйга татыды. Видео

160
(жаңыланган 09:31 22.09.2020)
Испаниялык триатлончу Диего Ментрид Santander 2020 мелдешинде марага жетер алдында атаандашын астына өткөрүп жиберген аракети үчүн баатыр аталды.

The Daily Mail маалымат булагы жазгандай, окуя Испаниянын Сантандер шаарында өткөн триатлон мелдешинде болгон.

Жарышта марага саналуу кадамдар калганда Ментрид жолунан адашып, катачылык кетирген англиялык атаандашы Джеймс Тигладан озуп кеткен. Британдык спортчу коло байгеден кол жууганына аттиң кылып жатканда, аны астыда бара жаткан атаандашы алдына өткөрүп жиберген.   

"Анын чуркап келе жатып эле капыстан жолунан адашып, ылдамдыгын жоготуп, артта калып калганын көрдүм дагы жол бошоттум. Атаандаш алдыңкы орунга татыктуу болчу", — деген спортчунун сөзүн басылма жазган.

Түркияда ойногон кыргызстандык жаш футболчу эл аралык сыйлыкка татыды

Мелдештин уюштуруучулары Ментриддин мындай жоомарттык кадамын баалап, ага үчүнчү орундун байгесине тете акчалай сыйлык беришкен. Испаниялык триатлончу 300 евро сый акы алган.

160
Белгилер:
эрдик, Испания, триатлон, спорт
Тема боюнча
Топтун ордуна атаандашын бетке тепкен футболчу оюндан куулду. Видео
Брайтон клубунун оюнчусу Ив Биссума топту акробатикалык ыкмада тебем деп атаандашы Жамал Льюисти көзүнөн ажыратып коё жаздады

Топтун ордуна атаандашын бетке тепкен футболчу оюндан куулду. Видео

265
Олдоксон кыймылы үчүн футболчу кызыл айып кагазы менен жазаланып, беттештен четтетилген. Мындай чечимди кабыл алуунун алдында калыс видеону кайталап көргөн.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. "Брайтон" клубунун оюнчусу Ив Биссума топту акробатикалык ыкмада тебем деп атаандашы Жамал Льюисти көзүнөн ажыратып коё жаздады. Футболчулардын бири-бирин тээп алган учурун The Sun жазган.

​Бул окуя Англия премьер-лигасынын экинчи турунда "Брайтон" жана "Ньюкасл" клубдарынын беттешинде болгон. Футболчулар асманга көкөлөгөн топту талашкан. Бийиктеги топту Льюис кайкалаган абалда тээп салууга аракет жасайт. Ал учурда анын буту топту башы менен сүзгөнү жаткан Биссуманын бетине тийген.

​Атаандашын жыга тепкен окуя жакында эле Франциянын кыз-келиндер футболунда катталган.

265
Белгилер:
жаза, кагаз, айып, футбол
Тема боюнча
ПСЖ — "Марсель" футболчулары мушташа кетип, бешөө оюндан куулду. Видео
Кичинекей бала. Иллюстративдик сүрөт

Ош: бала аман-эсен табылды. Бөбөктү каналга түшүп кетти дешкен

0
(жаңыланган 11:44 23.09.2020)
Баланы издөө иштерине ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынын өкүлдөрү тартылган. Бөбөк ата-энесине аман-эсен өткөрүп берилген.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда сууга түшүп кетти деген төрт жаштагы бала аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, 22-сентябрь күнү саат 17:46тар чамасында "112" кызматына Жаңы-Учар айылындагы Кайырма каналына кичине бала түшүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиционерлер жоголуп кеткен 6 жаштагы Чыңгызды тапты. Сүрөт

Издөө иштерине ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынын өкүлдөрү тартылып, баланы табышкан. Бөбөк ата-энесине аман-эсен өткөрүлүп берилген. ӨКМ анын абалы жакшы экенин кошумчалады.

0
Белгилер:
издөө, Суу, куткаруу, бала, ӨКМ
Тема боюнча
Чүйдө үч айдан бери дайынсыз болуп жаткан аял изделүүдө. Сүрөт