Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ

Татыктуу ойноду! Кыргызстан футбол беттешинде Бириккен Араб Эмирлигине утулду

757
(жаңыланган 13:25 25.01.2019)
Оюн Араб Эмирлигиндеги Zayed Sports City Stadium стадионунда өттү.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Абу-Даби шаарында футбол боюнча Азия кубогунда Кыргызстандын курама командасы каршылашы Бириккен Араб Эмирлигинин командасына 3:2 эсебинде жеңилди. 

  • Абу-Даби шаарында футбол боюнча Азия кубогунда Кыргызстандын курама командасы каршылашы Бириккен Араб Эмирлигинин командасына 3:2 эсебинде жеңилди
    Абу-Даби шаарында футбол боюнча Азия кубогунда Кыргызстандын курама командасы каршылашы Бириккен Араб Эмирлигинин командасына 3:2 эсебинде жеңилди
    © AFP 2019 / Khaled DESOUKI
  • Оюн Араб Эмирлигиндеги Zayed Sports City Stadium стадионунда өттү
    Оюн Араб Эмирлигиндеги Zayed Sports City Stadium стадионунда өттү
    © REUTERS / SUHAIB SALEM
  • Мындан бир нече күн мурда кыргыз футболчулары филиппиндиктерди 3:1 эсеби менен жеңип, тайпадан татыктуу чыгып, 1/8 финалга жолдомо алган
    Мындан бир нече күн мурда кыргыз футболчулары филиппиндиктерди 3:1 эсеби менен жеңип, тайпадан татыктуу чыгып, 1/8 финалга жолдомо алган
    © REUTERS / SUHAIB SALEM
  • Эми кыргызстандыктар талаа ээси Бириккен Араб Эмирлигинин оюнчулары менен беттешип, жеңилүү ызасын тартты
    Эми кыргызстандыктар талаа ээси Бириккен Араб Эмирлигинин оюнчулары менен беттешип, жеңилүү ызасын тартты
    © REUTERS / SUHAIB SALEM
  • Эсепти 1-таймда атаандаштар ачса, аларга удаа эле оюндун 26 мүнөтүндө 10-номердеги Мирлан Мурзаев топту киргизип, эсепти 1:1 кылды
    Эсепти 1-таймда атаандаштар ачса, аларга удаа эле оюндун 26 мүнөтүндө 10-номердеги Мирлан Мурзаев топту киргизип, эсепти 1:1 кылды
    © REUTERS / SUHAIB SALEM
  • Оюнда кыргызстандык спотчулар бир топ учурларда чеберчилигин көрсөтүп, атаандаштардын шаштысын кетирген учурлар болду
    Оюнда кыргызстандык спотчулар бир топ учурларда чеберчилигин көрсөтүп, атаандаштардын шаштысын кетирген учурлар болду
    © AFP 2019 / KHALED DESOUKI
  • Команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Кыргызстан да чейрек финалга өтчү командалардын арасында болушу керектигин, бул үчүн ал бардык күч-аракетин жумшап жатканын белгилеген
    Команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Кыргызстан да чейрек финалга өтчү командалардын арасында болушу керектигин, бул үчүн ал бардык күч-аракетин жумшап жатканын белгилеген
    © REUTERS / Suhaib Salem
  • Букмекерлер мындан бир нече күн мурда Кыргызстан курама командасынын Бириккен Араб Эмирлигинин футболчуларын утуп алуу мүмкүнчүлүгү төмөндүгүн эскертишкен
    Букмекерлер мындан бир нече күн мурда Кыргызстан курама командасынын Бириккен Араб Эмирлигинин футболчуларын утуп алуу мүмкүнчүлүгү төмөндүгүн эскертишкен
    © REUTERS / Suhaib Salem
  • КР командасы тайпалык беттеште Кытай жана Түштүк Корея командаларынан утулганы менен, филиппиндиктерди утканын билебиз.
    КР командасы тайпалык беттеште Кытай жана Түштүк Корея командаларынан утулганы менен, филиппиндиктерди утканын билебиз.
    © AFP 2019 / Khaled DESOUKI
1 / 9
© AFP 2019 / Khaled DESOUKI
Абу-Даби шаарында футбол боюнча Азия кубогунда Кыргызстандын курама командасы каршылашы Бириккен Араб Эмирлигинин командасына 3:2 эсебинде жеңилди

Оюн Араб Эмирлигиндеги Zayed Sports City Stadium стадионунда өттү. 

Мындан бир нече күн мурда кыргыз футболчулары филиппиндиктерди 3:1 эсеби менен жеңип, тайпадан татыктуу чыгып, 1/8 финалга жолдомо алган.

Эми кыргызстандыктар талаа ээси Бириккен Араб Эмирлигинин оюнчулары менен беттешип, жеңилүү ызасын тартты.

Эсепти 1-таймда атаандаштар ачса, аларга удаа эле оюндун 26-мүнөтүндө 10-номердеги Мирлан Мурзаев топту киргизип, эсепти 1:1 кылды. Ошентип беттештин биринчи бөлүгүндө тең чыгышты.

Оюнда кыргызстандык спортчулар бир топ учурларда чеберчилигин көрсөтүп, атаандаштардын шаштысын кетирген учурлар болду. 

Команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Кыргызстан да чейрек финалга өтчү командалардын арасында болушу керектигин, бул үчүн ал бардык күч-аракетин жумшап жатканын белгилеген.

Букмекерлер мындан бир нече күн мурда Кыргызстан курама командасынын Бириккен Араб Эмирлигинин футболчуларын утуп алуу мүмкүнчүлүгү төмөндүгүн эскертишкен. 

КР командасы тайпалык беттеште Кытай жана Түштүк Корея командаларынан утулганы менен филиппиндиктерди утканын билебиз. Плей-оффко улуттук команда тайпадагы үчүнчү орундан чыккан.

757
Белгилер:
күйөрман, футбол, Азия кубогу, Бириккен Араб Эмирлиги, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандын Азия кубогуна катышуусу (80)
Тема боюнча
Бишкектеги дүңкүлдөгөн барабан, бийлеген эл. Экинчи гол учурундагы видео
Көчөнү жаңыртып кыйкырышты. Бишкекте күйөрмандар биринчи голду тосуп алган видео