Түн. Бишкекте КР футбол командасына күйөрмандык кылган эл. Фотофакт

4458
(жаңыланган 13:15 25.01.2019)
Күйөрмандар Бишкектин борборунда Кыргызстан-Бириккен Араб Эмирлигинин футбол боюнча курама командаларынын беттешин ири монитордон көрдү.
Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ
© Sputnik / Эмиль Садыров

Бул жерге спорт таймашын көрүү үчүн миңге чукул адам чогулган. 

Кыргызстанские болельщики в Бишкеке наблюдают за матчем Кыргызстан — ОАЭ 1/8 финала Кубка Азии по футболу в Абу-Даби
© Sputnik / Эмиль Садыров
Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ

Алар гол кирген учурларда “Кыргызстан!” деп ураан таштап, барабан кагып турушту. 

Оюндун жыйынтыгында Кыргызстан атаандашына 2:3 эсебинде утулду. 

Кыргызстанские болельщики в Бишкеке наблюдают за матчем Кыргызстан — ОАЭ 1/8 финала Кубка Азии по футболу в Абу-Даби
© Sputnik / Эмиль Садыров
Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ

Анткен менен комментаторлор менен социалдык тармакта интернет колдонуучулар эл аралык калыстар калыстыктан тайгандыгын айтып жатышты.

Кыргызстандын курама командасы өзүнүн тарыхында Азия кубогуна гана багыт албастан, плей-оффко өткөн эле. Бирок команда бүгүнкү жеңилүүдөн кийин мындан аркы таймаштарга катыша албайт.

4458
Белгилер:
күйөрман, футбол, Азия кубогу, Бириккен Араб Эмирлиги, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандын Азия кубогуна катышуусу (80)
Тема боюнча
Татыктуу ойноду! Кыргызстан футбол беттешинде Бириккен Араб Эмирлигине утулду
Бишкектеги дүңкүлдөгөн барабан, бийлеген эл. Экинчи гол учурундагы видео
Көчөнү жаңыртып кыйкырышты. Бишкекте күйөрмандар биринчи голду тосуп алган видео

Жолунан адашкан атаандашын астына өткөргөн триатлончу сыйга татыды. Видео

160
(жаңыланган 09:31 22.09.2020)
Испаниялык триатлончу Диего Ментрид Santander 2020 мелдешинде марага жетер алдында атаандашын астына өткөрүп жиберген аракети үчүн баатыр аталды.

The Daily Mail маалымат булагы жазгандай, окуя Испаниянын Сантандер шаарында өткөн триатлон мелдешинде болгон.

Жарышта марага саналуу кадамдар калганда Ментрид жолунан адашып, катачылык кетирген англиялык атаандашы Джеймс Тигладан озуп кеткен. Британдык спортчу коло байгеден кол жууганына аттиң кылып жатканда, аны астыда бара жаткан атаандашы алдына өткөрүп жиберген.   

"Анын чуркап келе жатып эле капыстан жолунан адашып, ылдамдыгын жоготуп, артта калып калганын көрдүм дагы жол бошоттум. Атаандаш алдыңкы орунга татыктуу болчу", — деген спортчунун сөзүн басылма жазган.

Түркияда ойногон кыргызстандык жаш футболчу эл аралык сыйлыкка татыды

Мелдештин уюштуруучулары Ментриддин мындай жоомарттык кадамын баалап, ага үчүнчү орундун байгесине тете акчалай сыйлык беришкен. Испаниялык триатлончу 300 евро сый акы алган.

160
Белгилер:
эрдик, Испания, триатлон, спорт
Тема боюнча
Топтун ордуна атаандашын бетке тепкен футболчу оюндан куулду. Видео
Брайтон клубунун оюнчусу Ив Биссума топту акробатикалык ыкмада тебем деп атаандашы Жамал Льюисти көзүнөн ажыратып коё жаздады

Топтун ордуна атаандашын бетке тепкен футболчу оюндан куулду. Видео

265
Олдоксон кыймылы үчүн футболчу кызыл айып кагазы менен жазаланып, беттештен четтетилген. Мындай чечимди кабыл алуунун алдында калыс видеону кайталап көргөн.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. "Брайтон" клубунун оюнчусу Ив Биссума топту акробатикалык ыкмада тебем деп атаандашы Жамал Льюисти көзүнөн ажыратып коё жаздады. Футболчулардын бири-бирин тээп алган учурун The Sun жазган.

​Бул окуя Англия премьер-лигасынын экинчи турунда "Брайтон" жана "Ньюкасл" клубдарынын беттешинде болгон. Футболчулар асманга көкөлөгөн топту талашкан. Бийиктеги топту Льюис кайкалаган абалда тээп салууга аракет жасайт. Ал учурда анын буту топту башы менен сүзгөнү жаткан Биссуманын бетине тийген.

​Атаандашын жыга тепкен окуя жакында эле Франциянын кыз-келиндер футболунда катталган.

265
Белгилер:
жаза, кагаз, айып, футбол
Тема боюнча
ПСЖ — "Марсель" футболчулары мушташа кетип, бешөө оюндан куулду. Видео
Сууда ойноп аткан бала. Архивдик сүрөт

Башка айылга кетип калган. Ошто сууга түшүп кетти деген бөбөктүн окуясы

0
(жаңыланган 12:57 23.09.2020)
Буга чейин ӨКМ Ош облусунун Кара-Суу районунда сууга түшүп кетти деген төрт жаштагы баланын аман-эсен табылганын кабарлаган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Учар айылындагы Кайырма каналына түшүп кетти делген төрт жаштагы бала коңшу Жапалак айылынан табылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Эске салсак, буга чейин ӨКМ Ош облусунун Кара-Суу районунда сууга түшүп кетти деген төрт жаштагы баланын аман-эсен табылганын кабарлаган.

Билдирмеге ылайык, 22-сентябрь күнү саат 13:00дөр чамасында Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылдык милиция бөлүмүнө төрт жаштагы эркек бала дайынсыз жоголгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.

Беш киши бычакталган үйдөн коляскадагы наристе тирүү табылды. Россиядагы каргаша

Ошол эле күнү кечке маал саат 17:46лар чамасында ӨКМге да ушул маселе менен кайрылып чалышкан. Куткаруучулар баланы Кайырма каналына түшүп кетүүсү мүмкүн деп божомолдоп издей башташкан.

"Бөбөк үйдө ойноп жүрүп түшкө маал сыртка чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Бала Жаңы-Учар айылынан чыгып, адашып кетип бир чакырым алыс жайгашкан Жапалак айылына кетип калган. Ал жактан жергиликтүү тургун көчөдө жалгыз жүргөн баланы байкап калып, милициянын аймактык тергөөчүсүнө кабарлаган", — деди Аширбаев.

Ал милиция кызматкерлери баланы кечке жуук таап, ата-энесине өткөрүп бергенин кошумчалады.

0
Белгилер:
ӨКМ, милиция, издөө, бала, Кара-Суу шаары, Ош
Тема боюнча
Суу менен торт сурап... Беш жаштагы кыз үч күндөн кийин токойдон табылды
Көрсөңүз кабарлаңыз! Даун синдромунан жапа чеккен киши жоголду. Сүрөт