Хабиб Нурмагомедовдун спорттон качан кетерин атасы айтып берди

© AP Photo / John LocherРоссиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив
Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдулманап Нурмагомедов үч спортчу менен беттешүү Хабиб үчүн жетиштүү деп эсептейт.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов канадалык Жорж Сен-Пьер, америкалыктар Тони Фергюсон жана Флойд Мейвезер менен беттешкенден кийин карьерасын жыйынтыктай берсе болот. Бул тууралуу спортчунун атасы Абдулманап Нармагомедов Instagram баракчасына жазган.

Билдирүүсүн окурмандарга арнап, алардын пикирин сураган.

"Кандай дейсиздер, урматтуу күйөрмандар? Менимче жетет го", — деген Абдулманап Нурмагомедов.

Хабиб учурда 30 жашта. 27 ирет беттешип, анын 11и UFC алкагында өткөн.

Акыркы ирет 6-октябрда Лас-Вегаста ирландиялык Конор Макгрегор менен кездешип, аны муунтуу ыкмасы менен утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0