БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучуларына, оюнчуларына мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды.
Жээнбеков 2019-жылдагы футбол боюнча Азия кубогунда чоң жетишкендиктери, дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүгө, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдоого кошкон зор салымы жана футболго чексиз берилгендиги үчүн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыкка кол койду.
— Семетей Султанов, Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти. "Даңк" медалы;
— Александр Крестинин, Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу. "Данакер" ордени;
— Аскар Салымбеков "Дордой" спорт клубунун президенти. III даражадагы "Манас" ордени";
— Кыргыз Республикасынын КРдин футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү: Азамат Байматов, Валерий Кашуба, Валерий Кичин, Виталий Люкс, Мирлан Мурзаев. "Даңк" медалы менен сыйланды;
— Нурбек Исмаилов, КРдин футбол боюнча улуттук курама командасынын дарыгери, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы" ардактуу наамы;
— Игорь Кудренко, КРдин футбол боюнча улуттук курама командасынын тактика боюнча машыктыруучусу "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардактуу наамы ыйгарылды;
— КРдин футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Эдгар Бернхардт, Жыргалбек уулу Кайрат, Антон Землянухин, Ахлидин Исраилов, Павел Матяш, Павел Сидоренко, Азиз Сыдыков, Дениэл Тего, Нии Армах Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты;
Быйыл Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогунда ойноду. Тайпалык этапта кытайлыктар менен түштүккореялыктарга жеңилип, үчүнчү оюнда филиппиндиктерди 3:1 эсеби менен жеңген. Муну менен кыргызстандыктар өз тайпасында үчүнчү орунду алып, 1/8 финалга чыккан. Тилекке каршы, чейрек финалга өтө албай, БАЭге 2:3 эсебинде утулуп калган.
Бирок бул оюнду социалдык тармактын Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү колдонуучулары мыкты беттеш болгондугун, Кыргызстандын курама командасынын артыкчылыгын белгилешти.
Көп өлкөлөрдүн академияларынын иш-тажрыйбасын байкап көрүп, өзүбүздүн руханий баалуулуктарга карата колдонсок жакшы болот. Мындай ойду Эр-Улан Абдыкеримов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, футболдук академиялар балдарды машыктырууда комплекстүү кадамдарга багыт алышы керек.
"Милдеттүү түрдө биздин багытыбыз болушу керек. Ийгиликтүү футболдук клубдардын тажрыйбасына таянып, моделин алсак болот. Бирок өзүбүздүн география, менталитетибиз спорттук ийгиликтерди жаратууда чоң роль ойнойт," — деди Абдыкеримов.
Ошондой эле машыктыруучу улуттук курама команданын акыркы жылдардагы жетишкендиги футболдун өнүгүшүнө жол ачканын кошумчалады.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегордун америкалык Дастин Порьеден жеңилгени боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
Эки мушкер бүгүн, 24-январда, UFC 257 мелдешинин башкы беттешинде кезиккен. Америкалык спортчу кармаштын экинчи раундунда нокаут менен утту.
"Сени чемпион кылган команданы алмаштырып, спарринг-өнөктөштөрдү чанып, чындыктан алыстап, жаш балдар менен машыгып жүргөндүн кесепети ушундай болот турбайбы...", — деп Нурмагомедов Twitter баракчасына билдирүү калтырган.
This is what happened, when you change your team, leave the sparring partners who made you a champion and sparring with little kids, far away from reality.
— khabib nurmagomedov (@TeamKhabib) January 24, 2021
АКШлык Порье менен ирландиялык Макгрегор бүгүн, 24-январда, Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралында" өткөн мелдеште кармашып, Порье атаандашын нокаутка түшүрүп утту.
Россиялык мушкер буга чейин Макгрегорду да, Порьени да титулдук беттеште мөөнөтүнөн мурда утуп, чемпиондук наамын коргогон.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россиянын "За рулем" журналы тез эле дат басып кеткен беш автоунааны атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка таянсак, биринчи чыккан Lada Granta үлгүсүндөгү автокөлүктөрдү тез дат басып кетиши ыктымал.
Журналда жазылгандай, Lada Granta автокөлүгүнүн капотунун алды жана түбүнүн капталдары сырдалбагандыктан тез дат басат. Автоунаа ишке берилген соң үч-төрт жылдан кийин анын эшигинин алды менен босогосунда дат пайда болушу ыктымал.
Журнал муну сапатсыз цинк менен каптоо менен байланыштырган.Басылма седанга караганда, лифтбек алууну сунуштаган. Анткени анын кузову даттан корголуп жасалат.
Тез дат басып кетүү көйгөйү Renault Logan жана Sandero үлгүсүндөгү автоунаа ээлерине да келиши мүмкүн. Адистердин айтымында, мындай автокөлүктөрдө дат бир нече кыштагандан кийин пайда болушу ыктымал. Мында да седандардын каррозияга кабылары айтылды.
Анча кымбат эмес кроссоверлердин арасынан Skoda Yeti автоунаасы да жогорудагыдай "илдетке" тез кабылган автоунаалардын катарына кирген.
Тез дат баскан жагынан алдыга Россияда чыгарылган жолтандабас "Патриот" аттуу УАЗ чыккан. Маалым болгондой, дат анын 2018-жылы чыккан үлгүлөрүнөн табылган.