Футбол федерациясынын президенти качан шайланары белгилүү болду

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүФутбол. Лига Европы. Тренировка ФК "Рапид"
Футбол. Лига Европы. Тренировка ФК Рапид - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Семетей Султанов Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине талапкерлигин коюп жатканы айтылган.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. 9-февраль күнү Бишкекте Футбол федерациясынын президенти шайлана турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган жайдан билдиришти.

Федерациянын учурдагы жетекчиси Семетей Султанов 10-январь күнү кызматтан кетүү ниетин жар салган. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. - Sputnik Кыргызстан
Футбол мыктылары президент Жээнбековдон кандай сыйлык алышты. Тизме
Уюмдун маалымат кызматынын билдиргенине караганда Султанов 9-февралга чейин федерацияны башкара бермекчи. Бул күнү борбор калаада уюмдун конференциясы өтүп, ага аймактагы өкүлдөр катышат. Иш-чарада президенттикке талапкерлер аныкталып, алар өз программаларын сунуштап, андан соң шайлоо процедурасы өтөт.

Султанов эмне себептен отставкага кеткени белгисиз. Ага чейин Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине талапкер болуп жатканы айтылган. Шайлоо апрелде өтөрү белгилүү.

Семетей Султанов Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы жетекчиси Алымбай Султановдун уулу жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы экени маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0