Бишкекте 300 балбан катышкан самбо боюнча эл аралык мелдеш өтөт

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАрмейский рукопашный бой. Матчевая встреча по боевым искусствам "Битва Чемпионов IV"
Армейский рукопашный бой. Матчевая встреча по боевым искусствам Битва Чемпионов IV - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеште медалдын 18 топтому ойнотулат.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. 8-9-февраль күндөрү борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында самбо боюнча эл аралык турнир өтө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш Кызыл Жылдыз орденинин ээси Виталий Гордеевдин элесине арналып, 32-ирет өтүп жатат. Ошондой эле советтик аскерлердин Афганистандан чыгышынын 30 жылдыгына да арналмакчы.

"Бул жылы мелдешке Орто Азиядан 300дөй спортчунун келиши күтүлүүдө. Медалдын 18 топтому ойнотулат", — деп айтылат маалыматта.

Спортчулар 52 кг, 57 кг, 62 кг, 68 кг, 74 кг, 82 кг, 90 кг, 100 кг жана 100дөн өйдө салмак категориясы боюнча күч сынашат.

Иш-чаранын расмий ачылышы 8-февралда саат 12:00дө өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0