Мирлан Мурзаевдин Азия кубогундагы голу мыктылардын катарына кирди

© AFP / KHALED DESOUKI Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия футбол конфедерациясынын расмий сайтындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен биринчи орунга вьетнамдык спортчу Нгуен Конг Фыонг татыды.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаевдин Азия кубогунун 1/8 финалында киргизген голу бирден-бир мыкты гол деп табылды.

Азия футбол конфедерациясынын расмий сайтындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен биринчи орунга вьетнамдык спортчу Нгуен Конг Фыонг татыды. Футболчу үчүн 217 миң адам добуш берген (74 пайыз).

Экинчи орунга курама команданын чабуулчусу Мирлан Мурзаев ээ болгон. Ага 59 миң адам жан тарткан.

Үчүнчү сапка иорданиялык футболчу Бахаа Абдулрахман илинип, 13 миң күйөрманды топтогон.

Кыргызстандык футболчулар быйыл Азия кубогуна алгачкы ирет катышты. Тайпалык баскычта кытайлык жана түштүккореялык спортчуларга утулуп, үчүнчү оюнда филиппиндиктерди 3:1 эсебинде утуп алган. Жыйынтыгында курама команда плей-оффко чыккан. Ал эми 1/8 финалда БАЭ командасына 3:2 эсебинде жеңилип калган.

Мирлан Мурзаевдин үй-бүлөсү, бала чагы жана хоббиси тууралуу Sputnik тарткан видедон көрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0