Катардын командасы БАЭни жеңди. Азия кубогунун финалисттери аныкталды

© REUTERS / THAIER AL-SUDANIКубок Азии по футболу. 1/2 финала. Катар — ОАЭ
Кубок Азии по футболу. 1/2 финала. Катар — ОАЭ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финалдык беттеш 1-февралда өтөт.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Азия кубогунун финалында кимдер ойной турганы аныкталды. Ошентип 1-февралда өтө турчу чечүүчү оюнда Япония менен Катардын курама командалары беттешет.

Жарым финалда Бириккен Араб Эмирлигинин курама командасы Катарга 0:4 эсебинде утулду. Ал эми япониялык футболчулар ирандыктардын дарбазасына 3 гол киргизген.

Лучшие моменты матчей сборной КР на Кубке Азии — эмоциональное видео - Sputnik Кыргызстан
Ак шумкарлардын Азия кубогундагы мыкты учурлары. Жүрөк толкуткан видео
Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасы биринчи жолу Азия кубогуна катышты. Тайпалык оюндарда Кытай менен Түштүк Кореянын оюнчуларына утулуп, бирок филиппиндер менен болгон беттеште 3:1 эсебинде жеңишке жеткен. Жыйынтыгында кыргызстандык оюнчулар С тайпасында үчүнчү орунду ээлеп, плей-офф оюндарына чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Кыргызстандын курама командасы 1/8 финалдык оюндарда Бириккен Араб Эмирлигинин оюнчулары менен кездешип, 3:2 эсебинде жеңилген. Бирок оюнга көз салган башкы калыстын пенальти белгилеши бир топ кайчы пикирлерди жараткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0