Макгрегор менен Нурмагомедов дисквалификацияланып, айыпка жыгылды

© REUTERS / USA TODAY Sports / Stephen R. SylvanieUFC мушкерлери россиялык Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык Конор Макгрегор. Архив
UFC мушкерлери россиялык Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чечим NSAC жыйынында кабыл алынган. Ага чейин эки мушкер комиссия менен тынчтык келишимине кол коюп, жыйынга катышкан эмес.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Невада штатынын атлетикалык комиссиясы UFC мушкерлери россиялык Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык Конор Макгрегорду дисквалификациялоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу Р-Спорт жазып чыкты.

Мындай чечимди NSAC кабыл алган. Жыйынды YouTube каналынан MMAFighting.com каналы түз алып көрсөттү. Ага чейин эки мушкер комиссия менен тынчтык келишимине кол коюп, жыйынга катышкан эмес.

Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Нурмагомедов беттештен кийин Макгрегордун командасына атырылган себебин айтты
Нурмагомедов UFC 229 турниринде Макгрегор менен беттешкенден кийин чыгарган жаңжалы үчүн 9 айга четтетилип, 500 миң доллар айыпка жыгылды. Ал эми чырга катышты деген кине коюлган Макгрегор жарым жылга дисквалификацияланып, 50 миң долларлык жазага тартылды.

Эскерте кетсек, беттеш былтыр 6-октябрда өткөн. Жеңишке жетишкен Нурмагомедов таймаштан кийин алгач атаандаш тарап менен кер-мур айтышып, андан соң тосмодон секирип өтүп, мушташа кеткен. Натыйжада NSAC териштирүү иштерин баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0