Хабиб Нурмагомедов жазага тартылышы боюнча үн катты

© AP Photo / John LocherЭр уруш боюнча россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив
Эр уруш боюнча россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Невада штатынын атлетикалык комиссиясы UFC мушкерлери россиялык Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык Конор Макгрегорду дисквалификациялоо чечимин чыгарган.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Эр уруш боюнча россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Невада штатынын атлетика комиссиясынын (NSAC) аны беттештерден 9 айга чейин четтетип, 500 миң доллар айып пул салышы боюнча бүтүмү саясий чечим экенин айтты.

Эр уруш боюнча россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Хабиб Нурмагомедов жазага тартылышы боюнча үн катты

NSAC мындай чечимди Нурмагомедовдун UFC чемпионатынан кийин Конор Макгрегор менен кармаша кеткендиктен кабыл алган.

Кийинчерээк Нурмагомедов Instagram баракчасына диванда көзүн жуумп жаткан сүрөтүн жарыялап, "бардыгы бүткөндө мени ойготуп койгула" деп жазып койгон.

Эскерте кетсек, беттеш былтыр 6-октябрда өткөн. Жеңишке жетишкен Нурмагомедов таймаштан кийин алгач атаандаш тарап менен кер-мур айтышып, андан соң тосмодон секирип өтүп, мушташа кеткен. Натыйжада NSAC териштирүү иштерин баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0